Шайлоо өнөктүгүнө кайсы партия көп каражат жумшап жатат? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги шайлоо участкасында кишилер. Архив
Бишкектеги шайлоо участкасында кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Шайлоо өнөктүгүнө көп каражат жумшап жаткандардын алдыңкы үчтүгүнө "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Альянс" партиялары кирди.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын шайлоо фондуларына 167 миллион 23 миң сом түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүнө 154 миллион 966 миң сом сарпталган.
Мыйзам ченемдерине ылайык, партиялар каражатты төмөнкү булактардан гана алууга укуктуу:
  • Талапкердин өз каражаты — 1,5 миллион сомго чейин;
  • Саясий партиянын өз каражаты — 100 миллион сомго чейин;
  • Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу — 200 миң сомго чейин;
  • Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу — 3 миллион сомго чейин;
  • Шайлоо фондунун жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашпашы керек.
Шайлоо өнөктүгүнө көп каражат жумшап жаткандардын алдыңкы үчтүгүнө "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Альянс" партиялары кирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0