Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Казакбаев РФ элчиси Удовиченко менен кызматташуунун келечегин талкуулады

70
(жаңыланган 09:44 19.11.2021)
Тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан.

Посол России в КР Николай Удовиченко во время встречи с министром иностранных дел КР. 19 ноября 2021 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Мындан сырткары, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды сөз кылышты.

"2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк нугунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришкен.

70
Белгилер:
Кыргызстан, министр, Руслан Казакбаев, Россия, элчи, Николай Удовиченко, кызматташтык
Тема боюнча
Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди
Жапаров Мишустинге жолугуп, “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты
Президент Кыргызстана во время выступления на 15-м Саммите Организации экономического сотрудничества (ОЭС) в Ашхабаде, Туркменистан

Региондо тынчтык болбосо кызматташуу мүмкүн эмес! Жапаровдун Ашхабаддагы сөзү

0
Өлкө башчы региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде сөз сүйлөп, уюмдун алдындагы жаңы милдеттерди санап өттү.

Белгилей кетсек, бул уюмга Борбор Азия өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери мүчө.

Президенттин кебин анын маалымат кызматы жарыялады. Жапаровдун айткандарын тезис менен беребиз:

  1. климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат;
  2. абадагы көмүртектин көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарыл;
  3. Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Кайра калыбына келүүчү энергия булактары, биринчи кезекте, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын локомотиви болот; 
  4. уюмдун алкагында гидроэнергетика комплексинде инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү; 
  5. соода-экономикалык чөйрөдө региондук кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн ЭКУнун бардык өлкөлөрүндө долбоорлорду каржылоонун реалдуу системасын түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларга убакыт келди;
  6. кеңейтилген региондук кызматташууда, экономикалык өсүштө жана чөлкөмүбүздү өнүктүрүүдө экономикабыз үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникация, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болушубуз керек;
  7. Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
  8. Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет;
  9. Кыргызстан Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат;
  10. региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес. Афганистандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыш мезгилинин алдында Афганистандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Кыргызстандан билим алып жаткан афган жарандарына студенттик виза берүүнү улантуу чечимин кабыл алды. Афганистандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү;
  11. ЭКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен, жыйынтыгында баары биригип келип, бирдиктүү натыйжа бере турган тиешелүү чараларды көрүү зарыл;
  12. бүгүн кабыл алып жаткан "Ашхабад декларациясы" уюмубуздун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берет.

Садыр Жапаров Кыргызстанга бүгүн кайтат.

0
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында жанында турган аял. Архив

"Спецназ жана кибер чабуулдар". Европа Америкадан өч алгысы барбы?

11
Бир армия, бир штаб жана бир душман... Евробиримдикте "Стратегиялык компас" планы талашта. Европа өлкөлөрү өз аскердик блогун түзүп, НАТО менен АКШдан көз карандылыгын азайтат. Бирок көпчүлүк ар кандай себептер менен буга каршы чыгууда.

"Европаны улуу жана чыныгы эгемен кылабыз", — деп кайталашат Брюсселдегилер. Буга 2020-жылга чейинки жаңы коргоо стратегиясы өбөлгө болоруна ишенишет. Антон Скрипуновдун ушул документ тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Коргоо стратегиясы өтө тездик менен даярдалды. 2020-жылдын аягында Германия ар кандай коркунучтардан коргонуу "чараларынын комплексин" иштеп чыгууну сунуштаган. Жарым жыл өтпөй улуттук өкмөттөргө анын баштапкы варианты тааныштырылган. Ал эми 2022-жылдын мартында концепцияны бекитүүгө белсенип турушат. Биримдиктеги негизги жетекчилер союздаштарын болуп көрбөгөндөй шаштырууда.

"Кооптуулуктарды талдоонун жыйынтыгы Европа коркунучта экенин ачык көрсөтүүдө. Биринчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөр улам чектелип барат. Отуз жыл мурун Европа биримдигине дүйнөлүк байлыктын чейреги таандык болсо, жыйырма жылдан соң болгону он пайызы гана калат. Мындан сырткары, калктын саны кескин азаюуда: кылым аягында Европада дүйнө калкынын беш пайызы гана калат", — деп үрөй учурууда ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук комиссары Жозеп Боррель.

Ал эми Афганистандагы абал "америкалык өнөктөштөрүнүн" башкаларды түгүл өздөрүн коргой албай турганын тастыктап турат. Ошондуктан европалыктар алдыда күтүлгөн апааттарды керт башы менен алдын алууга тийиш.

Документте "кыяматтын чабандеси" катары Россияны белгилешкен. Авторлор бул мамлекет "гибриддик согуштун тактикасын, бурмаланган маалымат жана киберчабуулду пайдаланып жатат" дешет. Кытайды "экономикалык жана системалуу атаандаш" катары сыпатташкан. Ушул себептен документтин демилгечилери Евробиримдикке жалпы стратегия абзел, жалпы коргоо бюджети жана керек болсо космосто да жалпы күчтөрү болушу шарт деген пикирде.

2025-жылга дейре Брюссель беш миң жоокерден турган "ыкчам чара көрүүнүн бирдиктүү универсалдык тобун" түзүүнү көздөйт. Боррель жаңы стратегия европалык күчтөрдү ыкчам жана майнаптуу кыларынан шек санабайт. Ошону менен бирге эле Польша-Беларусь чек арасындагы мигранттар каатчылыгын да бул документ кабыл алынса, заматта чечип коюуга болорун да кошумчалайт. Бирок кантип чечүүнүн чоо-жайына токтолгон эмес.

Мындай демилгени Брюссель гана алып чыгып жаткан жок. Жаңы тутумга Берлин менен Париж да кызыкдар. Тышкы күчтөрдөн "көз карандысыздыкка умтулуу" туурасында ал жакта ачык эле айтылууда. Эң оболу мында кеп НАТО жөнүндө. Евробиримдик жөнүндөгү келишимде дал ушул альянстын күчтөрү континенттин коргоо тармагынын негизи катары кызмат өтөйт. Албетте, башында АКШ турат. Америкалыктар Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери орун алышкан. Топтун саны улам өсүп, 1980-жылдары 300 миңге жеткен. Ал эми ушул тапта 60 миңдин тегерегинде. Негизги контингент — Германияда, 34 миңди түзөт. Бул өлкөдө АКШ чегинен тыш эң ири америкалык "Рамштайн" базасы жайгашкан. Акыркы жылдары океан ар жагынан келген меймандарын кыртышы сүйбөй барат, анткени алардын басымдуу бөлүгү Берлиндин каражатына багылат.

Анан да куралды Пентагондон гана сатып алуу шарт. Азыр бундестагда F-35 менен жергиликтүү Eurofighter учактарынын бирин тандоо милдети турат. Немецтердин бул жаатта дымагы да чоң, алар алтынчы муундагы истребителди алгачкылардан болуп француздар менен биргеликте чыгарууну самашат. Эммануэль Макрон менен дайым ЕБдин көз карандысыздыгы жөнүндө ой жүгүртүшөт.

Париж Африка жана Жакынкы Чыгыштай эле курал рыногунда Вашингтонду атаандаш катары санайт. Беш жыл ичинде Париж аскердик экспортун 72 пайызга өстүрдү. Эгер капыстан Австралия франциялык субмариналардан баш тартпаса, бул көрсөткүч мындан да жогору болмок. Канберра Кошмо Штаттар жана Улуу Британия AUKUS долбоорунун алкагында аскердик союзду өзүнө ылайык көрдү. 56 миллиард евролук келишимдин бузулушун Елисей ордосу "далыга бычак уруу" катары кабыл алган.

Прибалтикада айрым өлкөлөрдүн бийлиги "америкалык күчтөрдүн" келишин кубаттайт. Алар үчүн база куруп, ушул жылдын августунда литвалык "Геркус" ачылды. Пентагон анчалык көңүлсүнбөгөнү менен бул долбоор Вильнюстун демилгеси менен ишке ашты.

"Болуп көрбөгөндөй зарылдык бар. Биз силерге күчтөрдү даярдоо үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп беребиз", — деп кайрылды Вашингтонго өлкөнүн коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Учурда республикада 500 чакты америкалык аскер кызматкери жашайт. Ошондой эле базада 30 "Абрамс" танкы жана зооттолгон 25 "Брэдли" машинасы бар. Маал-маалы менен топ окууларды өткөрүп турат.

Польшада эми бүтүндөй зооттолгон танк бригадасы жайгашкан десек болот. Жакында Пентагон бул өлкөдө толук кандуу база куруп, 85 танк, 190 пехоталык машина, өзү жүрүүчү 35 артиллериялык түзүлүш жана төрт даана танктын төшөлмө көпүрөлөрүн алып келет. Айтмакчы, бул жактан россиялык чек арага чейинки аралык – болгону 256 чакырым.

Польша жана Прибалтика "россиялык коркунучтан" улам "Компаска" каршы. Документти жактырбагандардын бир даары экономикалык себептерди аташат. Көбүнесе бар жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кенже европалык республикалар жаңы стратегияны сынга алууда. Маселен, Чехия. Европарламенттеги өкүлү Александр Вондра долбоорду "ашкере дымактуу" деп сүрөттөдү. "Бир жагынан Россия менен Кытай кооптуу душмандар катары аталган, — дейт саясатчы. — Экинчи тараптан, Евробиримдик аларды өнөктөш деп эсептейт".

Ошондой эле ковид каптап турганда мындай аракеттер экономикалык кырдаалды курчутат дегендер да жок эмес. Европа биримдиги ансыз да жети жыл аралыгында коргоо тармагына 1,93 триллион доллар сарптап келсе да, Брюссель аскердик чыгымдарды дагы көбөйтүүнү талап кылууда. Бир катар мамлекеттер ага макул эмес. НАТОдон бөлөк, Европада дагы бир нече түзүмдөр, айталы, European Corpus бар. Ал төрт дивизияны уюштура алат, жети миң жоокери бар. 20 жыл мурун Босния жана Косоводо кызмат өтөшкөн.

"Долбоорго кызыкдар өлкөлөр, эң оболу Франция ал структураны басып коёт. Тема актуалдуу. НАТО башка шарттарда, бөлөк максаттар үчүн түптөлгөн. Ал эми азыр каршы туруу түзүмү башка: фронттун так сызыгы жок", — деп түшүндүрөт РФтеги Геосаясий маселелер академиясынын вице-президенти Константин Соколов. Бирок эксперттин баамында, жаңы альянс америкалык күчтөр менен тил табышып кетери бышык, себеби алар "өз базаларын таштап кетери" арсар эмеспи. Европа биримдигинин ичинде чыңалуулар жаралышы ыктымал.

11
Белгилер:
Россия, НАТО, АКШ, Пентагон, Евробиримдик, курал-жарак, Аскер, Франция
Тема боюнча
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы