Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив

БШК Дастан Бекешев боюнча чечим чыгарды

438
(жаңыланган 20:44 19.11.2021)
БШК кабыл алган чечимдердин биринде "талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү" деген пункту бар.

БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан бара жаткан Дастан Бекешевдин талапкерлиги боюнча чечим кабыл алышты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Бекешев Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоону же референдумдарды өткөрүүдө каражатты мыйзамсыз пайдалануу" боюнча шайлоо мыйзамын бузганын, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкердин үгүт иштерин жүргүзгөнүн айтып чыккан.  Бекешев мындай айыптоолорду четке каккан.

Жыйындын соңунда БШК мүчөлөрү үч пунктудан турган токтом кабыл алышкан. Алар:

  • УКМКнын маалыматын эске алуу;
  • Жоруктар кодексинин  44-беренеси ("Үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу") боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоопкерчилигин кароо;
  • Талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
438
Белгилер:
УКМК, Дастан Бекешев, БШК, чечим, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (306)
Тема боюнча
Депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди
УКМК "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына үгүт жүргүзгөн чиновникти аныктады
Аткаминер. Архив

Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме

219
(жаңыланган 18:48 06.12.2021)
Материалда жылдык кирешеси 10 миллион сомдон ашкан депутаттар көрсөтүлгөн. Алардын сап башында Азамат Арапбаев турат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан эң көп киреше тапкан алты эл өкүлүнүн декларациясын карап көрдү. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.

Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.

Депутат ЖК 6 созыва Азамат Арапбаев от фракции СДПК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Азамат Арапбаев

Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.

Рабочий визит премьер-министра РФ В.Путина на Украину. 20 ноября
© Sputnik / Алексей Никольский
Экс-премьер-министр Данияр Үсөнов

Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.

Депутат ЖК 6 созыва Исхак Пирматов от партии Бир Бол. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Исхак Пирматов

Ал эми Салайдин Айдаров 16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.

Депутат от фракции Кыргызстан Салайдин Айдаров во время заседания в Жогорку Кенеше
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Салайдин Айдаров

Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.

Депутат ЖК Орозбек Алыбаев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Депутат Орозбек Алыбаев

Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.

Депутат Иса Омуркулов во время заседания Жогорку Кенеша. 21 мая 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Иса Өмүркулов

Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.

219
Белгилер:
Азамат Арапбаев, депутат, киреше, байлык
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар
Дело № папкасы менен киши. Архив

Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду

140
(жаңыланган 18:12 06.12.2021)
Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын белгилери бар.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.

"Бул чагымчыл видеодо талапкердин коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.

140
Белгилер:
Ысык-Ата, кылмыш, улут, кастык, УКМК
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (306)
Тема боюнча
УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:40 06.12.2021)
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.

  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген

Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
0
Белгилер:
УКМК, милиция, алдамчылык, шектүү, издөө
Тема боюнча
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады