Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары Душанбеде жолукту. Эмне сөз болду

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча МИД КР Руслана Казакбаева с министром иностранных дел РТ Сироджиддином Мухриддином в Душанбе
Встреча МИД КР Руслана Казакбаева с министром иностранных дел РТ Сироджиддином Мухриддином в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Казакбаев кыргыз тарап мамлекеттик чек аранын тезирээк чечилип, юридикалык каттоодон өтүшүнө кызыкдарлыгын билдирди.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кечээ, 21-ноябрда, Душанбеде "Европа биримдиги — Борбордук Азия" диалогуна катышуунун алкагында жолугуп сүйлөшкөн.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.
© Фото / пресс-служба МИД КРМинистрлер кечээ, 21-ноябрда, Душанбеде "Европа биримдиги — Борбордук Азия" диалогуна катышуунун алкагында жолугуп сүйлөшкөн.
Министрлер кечээ, 21-ноябрда, Душанбеде Европа биримдиги — Борбордук Азия диалогуна катышуунун алкагында жолугуп сүйлөшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Министрлер кечээ, 21-ноябрда, Душанбеде "Европа биримдиги — Борбордук Азия" диалогуна катышуунун алкагында жолугуп сүйлөшкөн.
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.
2/2
Министрлер кечээ, 21-ноябрда, Душанбеде "Европа биримдиги — Борбордук Азия" диалогуна катышуунун алкагында жолугуп сүйлөшкөн.
Кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү маек болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде эл аралык көп тараптуу платформаларда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.
"Артыкчылыктуу милдеттерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүү максатында мамлекеттер аралык координаторлук кеңештин, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, парламенттик, депутаттык топтордун ишинин сапатын арттыруу белгиленди. Казакбаев менен Мухриддин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жана ошондой эле тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кеңешүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы айтылды", — деп жазылат маалыматта.
Казакбаев кыргыз тарап чек аранын тезирээк чечилип, юридикалык каттоодон өтүшүнө кызыкдарлыгын билдирип, бул жалпы эки өлкө ортосундагы мамилелерге оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Жолугушууда эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул жагынан кыргыз тарап прокуратуранын, кылмыш-жаза аткаруу системасынын өкүлдөрүн, чек ара ведомстволорун тартуу менен консулдук консультацияларды өткөрүүнү, жана ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын координациялык отурумдарын өткөрүү практикасын калыбына келтирүүнү сунуштады.
Президент Садыр Жапаровдун прокуратура кызматкерлерин куттуктоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Ворухтун Тажикстанга кошулган картасы “Ала-Арчада” кантип пайда болду? Расмий жооп
Тараптар бул боюнча пайда болгон маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн башкы прокуратуралардын, ички иштер министрликтеринин жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда ыкчам жумушчу топторду түзүү зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.
Казакбаев чек ара аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн чек ара аймактарынын жергиликтүү калкынын ишенимин бекемдөө боюнча иштерди улантуу зарылдыгын ортого салган.
Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүү жана өлкөлөрдүн ортосунда жүк ташууларын жүргүзүүнү либералдаштыруу маселелерин талкуулашты.
Министрлер маданият жана гуманитардык кызматташтык маселелерине да кайрылып, тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери өз ара маданият күндөрүн, биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруунун, жаштар жана академиялык жамааттардын байланыштарын сактоонун ролун белгилешти.
Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилени мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип иш жүргүзүү жана бардык талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин ырасташты.
Жаңылыктар түрмөгү
0