Милиция кызматкерлери. Архив

Жазаланасыңар! Ниязбеков милиционерлерге шайлоо боюнча 10 тапшырма берди

223
(жаңыланган 12:25 22.11.2021)
ИИМ башчысы бул шайлоо таза өтүп, элдин жеке тандоосу ишке ашканы менен айырмаланышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Түшкөн фактыларга салкын мамиле жасап, элдин же шайлоого тартылган байкоочулардын, коомдук уюмдардын кайрылууларына көңүл бурбай, юридикалык баа берүүнү уюштура албаган жетекчилерге катуу тартиптик жаза колдонулат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдирди.

Жыйынга министрдин орун басарлары, Борбордук аппараттын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМ башчысы бул шайлоо таза, калыс өтүп, элдин жеке тандоосу ишке ашканы менен айырмаланышы керектигин белгиледи.

Аны менен катар төмөнкүдөй 10 тапшырма берди:

  1. Үгүт иштери маалында жана добуш берүү күнү коомдук коопсуздук менен жол кыймылынын эрежелерин сактоо күчөтүлгөн тартипте камсыздалсын;
  2. Шайлоо участокторуна бөлүнгөн кызматкерлерге тиешелүү шарттар түзүлсүн. Анын ичинде тамак-ашы, медициналык бет каптары жана башка керектүү каражаттары менен камсыздоо маселеси жеринде чечилсин;
  3. Бюллетендерди жер-жерлерге коштоп жеткирип, андан ары ар бир участокто шайлоо техникасы менен кошо кайтаруу иштери колго алынсын;
  4. Коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга күнү-түнү кайгуул уюштурулуп, тартип бузууларга жол берилбесин;
  5. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо участкасына элди ташуу, ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып элди бөлүп-жаруу, калк арасына бүлүк салуу жана башка ушул сыяктуу коомго жат окуяларга жол бербөө үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп, аныкталган фактыларга катуу чара көрүлсүн;
  6. Ички иштер органдарынын документтештирүү топтору күчөтүлгөн тартипте иш алып барсын. Анын ичинде келип түшкөн ар бир маалыматты ыкчам текшерүү, жеринде тез арада териштирүү иштери жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;
  7. Добуш берүүгө келген жарандарга сылык мамиле жасап, санитардык нормаларды жана маданияттуулукту сактоо боюнча эскертүү берилсин. Шайлоо участокторунун айланасында адамдардын жана автоунаа тыгыны пайда болуп элдин нааразычылыгы жаралган учурларга жол берилбесин;
  8. Ар бир райондук жана шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары шайлоо участокторуна тынымсыз барып, милицияга тиешелүү болгон көйгөйлөрдү жеринде чечүү иштерин жүргүзсүн;
  9. Шайлоо участокторунун айланасында, ага жакын аймактарда жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен баарлашууда туура түшүндүрүү, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү иштери жүрсүн;
  10. Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын! Мындай факты аныкталса ким болбосун катуу тартиптик жазага тартылат.

 

223
Белгилер:
ИИМ, милиционер, тапшырма, шайлоо, Улан Ниязбеков, жаза
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 (191)
Тема боюнча
ИИМ башчысы Ниязбеков: админресурс, добуш сатып алуу фактысы күнүгө катталууда
Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоого аралашпоо убадасын берди. Видео
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында жанында турган аял. Архив

"Спецназ жана кибер чабуулдар". Европа Америкадан өч алгысы барбы?

3
Бир армия, бир штаб жана бир душман... Евробиримдикте "Стратегиялык компас" планы талашта. Европа өлкөлөрү өз аскердик блогун түзүп, НАТО менен АКШдан көз карандылыгын азайтат. Бирок көпчүлүк ар кандай себептер менен буга каршы чыгууда.

"Европаны улуу жана чыныгы эгемен кылабыз", — деп кайталашат Брюсселдегилер. Буга 2020-жылга чейинки жаңы коргоо стратегиясы өбөлгө болоруна ишенишет. Антон Скрипуновдун ушул документ тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Коргоо стратегиясы өтө тездик менен даярдалды. 2020-жылдын аягында Германия ар кандай коркунучтардан коргонуу "чараларынын комплексин" иштеп чыгууну сунуштаган. Жарым жыл өтпөй улуттук өкмөттөргө анын баштапкы варианты тааныштырылган. Ал эми 2022-жылдын мартында концепцияны бекитүүгө белсенип турушат. Биримдиктеги негизги жетекчилер союздаштарын болуп көрбөгөндөй шаштырууда.

"Кооптуулуктарды талдоонун жыйынтыгы Европа коркунучта экенин ачык көрсөтүүдө. Биринчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөр улам чектелип барат. Отуз жыл мурун Европа биримдигине дүйнөлүк байлыктын чейреги таандык болсо, жыйырма жылдан соң болгону он пайызы гана калат. Мындан сырткары, калктын саны кескин азаюуда: кылым аягында Европада дүйнө калкынын беш пайызы гана калат", — деп үрөй учурууда ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук комиссары Жозеп Боррель.

Ал эми Афганистандагы абал "америкалык өнөктөштөрүнүн" башкаларды түгүл өздөрүн коргой албай турганын тастыктап турат. Ошондуктан европалыктар алдыда күтүлгөн апааттарды керт башы менен алдын алууга тийиш.

Документте "кыяматтын чабандеси" катары Россияны белгилешкен. Авторлор бул мамлекет "гибриддик согуштун тактикасын, бурмаланган маалымат жана киберчабуулду пайдаланып жатат" дешет. Кытайды "экономикалык жана системалуу атаандаш" катары сыпатташкан. Ушул себептен документтин демилгечилери Евробиримдикке жалпы стратегия абзел, жалпы коргоо бюджети жана керек болсо космосто да жалпы күчтөрү болушу шарт деген пикирде.

2025-жылга дейре Брюссель беш миң жоокерден турган "ыкчам чара көрүүнүн бирдиктүү универсалдык тобун" түзүүнү көздөйт. Боррель жаңы стратегия европалык күчтөрдү ыкчам жана майнаптуу кыларынан шек санабайт. Ошону менен бирге эле Польша-Беларусь чек арасындагы мигранттар каатчылыгын да бул документ кабыл алынса, заматта чечип коюуга болорун да кошумчалайт. Бирок кантип чечүүнүн чоо-жайына токтолгон эмес.

Мындай демилгени Брюссель гана алып чыгып жаткан жок. Жаңы тутумга Берлин менен Париж да кызыкдар. Тышкы күчтөрдөн "көз карандысыздыкка умтулуу" туурасында ал жакта ачык эле айтылууда. Эң оболу мында кеп НАТО жөнүндө. Евробиримдик жөнүндөгү келишимде дал ушул альянстын күчтөрү континенттин коргоо тармагынын негизи катары кызмат өтөйт. Албетте, башында АКШ турат. Америкалыктар Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери орун алышкан. Топтун саны улам өсүп, 1980-жылдары 300 миңге жеткен. Ал эми ушул тапта 60 миңдин тегерегинде. Негизги контингент — Германияда, 34 миңди түзөт. Бул өлкөдө АКШ чегинен тыш эң ири америкалык "Рамштайн" базасы жайгашкан. Акыркы жылдары океан ар жагынан келген меймандарын кыртышы сүйбөй барат, анткени алардын басымдуу бөлүгү Берлиндин каражатына багылат.

Анан да куралды Пентагондон гана сатып алуу шарт. Азыр бундестагда F-35 менен жергиликтүү Eurofighter учактарынын бирин тандоо милдети турат. Немецтердин бул жаатта дымагы да чоң, алар алтынчы муундагы истребителди алгачкылардан болуп француздар менен биргеликте чыгарууну самашат. Эммануэль Макрон менен дайым ЕБдин көз карандысыздыгы жөнүндө ой жүгүртүшөт.

Париж Африка жана Жакынкы Чыгыштай эле курал рыногунда Вашингтонду атаандаш катары санайт. Беш жыл ичинде Париж аскердик экспортун 72 пайызга өстүрдү. Эгер капыстан Австралия франциялык субмариналардан баш тартпаса, бул көрсөткүч мындан да жогору болмок. Канберра Кошмо Штаттар жана Улуу Британия AUKUS долбоорунун алкагында аскердик союзду өзүнө ылайык көрдү. 56 миллиард евролук келишимдин бузулушун Елисей ордосу "далыга бычак уруу" катары кабыл алган.

Прибалтикада айрым өлкөлөрдүн бийлиги "америкалык күчтөрдүн" келишин кубаттайт. Алар үчүн база куруп, ушул жылдын августунда литвалык "Геркус" ачылды. Пентагон анчалык көңүлсүнбөгөнү менен бул долбоор Вильнюстун демилгеси менен ишке ашты.

"Болуп көрбөгөндөй зарылдык бар. Биз силерге күчтөрдү даярдоо үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп беребиз", — деп кайрылды Вашингтонго өлкөнүн коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Учурда республикада 500 чакты америкалык аскер кызматкери жашайт. Ошондой эле базада 30 "Абрамс" танкы жана зооттолгон 25 "Брэдли" машинасы бар. Маал-маалы менен топ окууларды өткөрүп турат.

Польшада эми бүтүндөй зооттолгон танк бригадасы жайгашкан десек болот. Жакында Пентагон бул өлкөдө толук кандуу база куруп, 85 танк, 190 пехоталык машина, өзү жүрүүчү 35 артиллериялык түзүлүш жана төрт даана танктын төшөлмө көпүрөлөрүн алып келет. Айтмакчы, бул жактан россиялык чек арага чейинки аралык – болгону 256 чакырым.

Польша жана Прибалтика "россиялык коркунучтан" улам "Компаска" каршы. Документти жактырбагандардын бир даары экономикалык себептерди аташат. Көбүнесе бар жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кенже европалык республикалар жаңы стратегияны сынга алууда. Маселен, Чехия. Европарламенттеги өкүлү Александр Вондра долбоорду "ашкере дымактуу" деп сүрөттөдү. "Бир жагынан Россия менен Кытай кооптуу душмандар катары аталган, — дейт саясатчы. — Экинчи тараптан, Евробиримдик аларды өнөктөш деп эсептейт".

Ошондой эле ковид каптап турганда мындай аракеттер экономикалык кырдаалды курчутат дегендер да жок эмес. Европа биримдиги ансыз да жети жыл аралыгында коргоо тармагына 1,93 триллион доллар сарптап келсе да, Брюссель аскердик чыгымдарды дагы көбөйтүүнү талап кылууда. Бир катар мамлекеттер ага макул эмес. НАТОдон бөлөк, Европада дагы бир нече түзүмдөр, айталы, European Corpus бар. Ал төрт дивизияны уюштура алат, жети миң жоокери бар. 20 жыл мурун Босния жана Косоводо кызмат өтөшкөн.

"Долбоорго кызыкдар өлкөлөр, эң оболу Франция ал структураны басып коёт. Тема актуалдуу. НАТО башка шарттарда, бөлөк максаттар үчүн түптөлгөн. Ал эми азыр каршы туруу түзүмү башка: фронттун так сызыгы жок", — деп түшүндүрөт РФтеги Геосаясий маселелер академиясынын вице-президенти Константин Соколов. Бирок эксперттин баамында, жаңы альянс америкалык күчтөр менен тил табышып кетери бышык, себеби алар "өз базаларын таштап кетери" арсар эмеспи. Европа биримдигинин ичинде чыңалуулар жаралышы ыктымал.

3
Белгилер:
Россия, НАТО, АКШ, Пентагон, Евробиримдик, курал-жарак, Аскер, Франция
Тема боюнча
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы
Бишкектеги шайлоо участогунда адам

Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат

13
(жаңыланган 17:04 28.11.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Бул 829 171 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26.29 жана 25,11 пайыз), ал эми Чүй облусу дагы деле артта (19,99 пайыз) баратат.

Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 22,54 пайызы же 815 896 миң жаран өз тандоосун жасады. Мында шайлоого келгендердин саны боюнча Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу (27,74 пайыз) лидер болууда. Ал эми Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округу эң артта (17,19 пайыз) калды.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.

Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлейт.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.

13
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бул жолку депутаттар кантип шайланат? Кызыгы көп эрежелер тууралуу видео баян
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби