Президент Жапаров: бийликте гана эмес, эл арасында дагы душмандарым бар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы көмүрдүн баасын түшүрүү үчүн бийлик ишти өз колуна алганын белгилеп, тил албагандар ишсиз калганын айтты.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров анын бийликте гана эмес, эл арасында дагы душмандары бар экенин айтты.
Бүгүн мамлекет башчы Чүй облусундагы бир нече жаңы конуштардын тургундары менен жолукту.
"Жогоруда аксакал душманың көп деп айтты. Алар бийликте гана эмес, эл арасында дагы бар. Буга бир мисал — көмүр маселеси. Биз бир ай бою бааны төмөндөткүлө деп сурандык. Бир машинадан 10-15 миң сом таза пайда көрсө болот. Жок, алар миң долларлык пайдага кызыгып туруп алышты. Мындан улам бийлик ишти колго алып, көмүрдү үч миң сомго түшүрдү. Алар эми ишсиз калды. Мындай дагы боло берет", — деди президент.
Ал ошондой эле Кара-Кечеде көмүр казуу иши 1-1,5 айга кеч башталганын моюндап, түшүндүрмө берди.
Производство древесного угля в деревне Круча Могилевской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Ош облусунда дагы көмүр 3000 сомдон сатыла баштады. Даректер
"Биз жетекчиликти жайдан бери эки ирет алмаштырдык. Ишти активдештирүү үчүн ӨКМдин техникасын алып келдик. Кийин хаос жана башаламандыктын айынан УКМКнын "Альфа" бөлүгүнүн куралданган 12 аскерин киргизүүгө туура келди. Алардын алтоо күндүз, алтоо түнү иштеди. Тартипке келтирүү буйругу берилген. Учурда көмүр казылып жатат. Көйгөй жаралбашы керек. Акырындык менен кырдаалды калыпка келтиребиз", — деди Жапаров.
Жапаровдун демилгеси менен Бишкектин кээ бир жерлеринде көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатыла баштаган. Буга чейин кара алтындын баасы 6000 сомго чейин жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0