Чек ара кызматкерин шеврону. Архив

Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

130
(жаңыланган 19:50 22.11.2021)
Конституциянын 71-беренесине ылайык, Марат Маралбаев Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары болуп бекитилди.

БИШКЕК, 22-ноя. – Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Президенттин башка буйругу менен ушул эле кызматка Марат Маралбаев дайындалды.

130
Белгилер:
Мамлекеттик чек ара кызматы, директор, орун басары, дайындоо
Тема боюнча
УКМК төрагасы Ташиевге жаңы орун басар дайындалды
Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигине жетекчи дайындалды
Садыр Жапаров Улуттук банкка дагы бир орун басар дайындады
Шайлоо участогу. Архив

Бүгүн Кыргызстанда "жымжырт күн", үгүт иштери токтотулду

61
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт. Көчөгө илинген баннерлер алынат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырт күн".

Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.

Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.

Мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонулат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.

61
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, жымжырттык режими, үгүт, токтотуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Парламенттик шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салмай болду
Кишенделген жаран. Архив

УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады  

973
(жаңыланган 22:45 26.11.2021)
Бүгүн бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан “Кыргызстан жашылдар” партиясынын тизмесиндеги үч талапкер бийликти басып алууга шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын өзгөчө маанилүү иштер  боюнча улук тергөөчүсү Дамир Суваналиев БШКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Руслан Акматбеков, Бекназар Купешов, Нурис Сүйөркуловдор саясий күчтөрдүн колдоосу менен шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык уюштурууга камынып жаткан. Анын арты менен мамлекеттик бийликти басып алууга даярданган.

Тергөөчү аталган талапкерлерге карата жетиштүү далилдер чогултулганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сурады. Суваналиев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин чоо-жайын ачыктоодон карманарын эскертти.

Натыйжада БШКнын мүчөлөрү 10 добуш менен үч талапкерди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим жарыштан четтетүүгө жатпай турганын жана аларга добуш бере берсе болорун билдирди.

Шайлоо мыйзамына ылайык, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, талапкер шайлоонун натыйжасы расмий жарыяланганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, кармоо, камакка алуу же жаза чараларын колдонуу мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК менен ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган.

973
Белгилер:
шайлоо, талапкер, кармоо, УКМК, БШК, бийлик
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
УКМК: депутаттар менен экс-чиновниктердин тобу бийликти басып алмак болгон. Сүрөт
Жапаров: кээде "кап" деп, жарыштан четтеген талапкерлерге ичим ооруп калат
Алтын куймалары. Архив

Улуттук банктын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго азайды

0
Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган.

БИШКЕК, 27-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюта кору октябрь айында 1 миллиард 577 сомго кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

Бул жылы Улуттук банктын алтын активинин наркы бир топ өзгөргөн. Маселен, майдын башынан июль айынын башына чейин ал үч эсеге азайган. Тагыраагы, 99 миллиард сомдон 36, 4 миллиард сомго түшкөн. Кийинчерээк алтындын кору бир аз (37, 9 миллиард сомго) кымбаттаган. Сентябрда кайра 29 миллиард 74,4 миллион сомго чейин түшүп кеткен.

1-октябрга карата анын баасы 49 миллиард 905,7 миллион сомго өскөнү айтылды. Бирок ноябрда кайра 48 миллиард 328,7 миллион сомго төмөндөгөн.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, алтын
Тема боюнча
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда инфляция качан басаңдай турганын айтты
Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу