БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Мурдагы спикерге карата БШКга бир нече адамдан арыз түшкөн. Алардын биринде Дастан Жумабековдун агасы Сабырбек Жумабековдун дагы аты аталат.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого №20 Манас шайлоо округунан бара жаткан мурдагы спикер Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салды.
Белгилей кетсек, БШКда бүгүн, 23-ноябрда, жыйын болуп, ал түз эфирде көрсөтүлдү. Анда Дастан Жумабековго карата бир нече арыз келип түшкөнү айтылып, аларды жумушчу топ карап чыккан. БШК кээ бири үчүн экс-спикерди айыпка жыкса, айрымдарына жазуу түрүндө эскертүү берди.
Темир тордун артындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
Арыздардын биринде Дастан Жумабековдун үгүттөө ролигинде мыйзам бузуулар байкалганы айтылса, экинчисинде экс-спикер үгүт кампаниясы учурунда мамлекеттик желектин сүрөтүн колдонгону маалым болгон. БШКнын жумушчу тобу талапкерлерге андай чектөө коюлбаганын айтып, бирок мамлекеттик символдор боюнча мыйзамдын нормаларын сактоону эскерткен.
Мындан сырткары, Дастан Жумабековдун агасы Сабырбек Жумабеков кайрымдуулук боюнча маек бергени айтылып, ал жерде да мыйзам бузуулар байкалганын белгилешкен. Ошондой эле Жумабековдун телеканал, Youtube каналдарына жарыяланган үгүт материалдарында күнү көрсөтүлбөгөнү айтылып, ал үчүн да эскертүү берилген.
Натыйжада БШК мүчөлөрү үч мыйзам бузуу үчүн ар бирине 7500 сомдон айып салып, бир иши үчүн жазуу түрүндө эскертүү берүү чечимин кабыл алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0