Мугалим, медиктер ишке тартылбасын! Шайлоого даярдык көрүү боюнча отурум өттү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Марат Иманкулов Кыргызстанда адилетсиз шайлоо өткөрүү үч жолу массалык толкундоолорго алып келгенин эске салып, шайлоону таза өткөрүүгө чакырды.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгынын алдында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан.
Добуш берип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды. Тизме
Иманкулов Кыргызстанда адилетсиз шайлоо өткөрүү үч жолу массалык толкундоолорго алып келгенин эске салып, шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүгө чакырды. Ал президенттин шайлоону  таза өткөрүү боюнча жарлыгынын негизинде мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы отурумда Акылбек Жапаров да сөз сүйлөгөнүн билдирип, министрлер кабинетинин төрагасы билим берүү, медициналык тармактын кызматкерлерин, техникалык персоналды шайлоо процессине тартууга тыюу салынганын эскерткенин белгиледи. Жапаровдун айтымында, шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн.
Жыйында президенттин шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча жарлыгына ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0