Масадыков: "Талибандын"* саясаты 2001-жылдан бери өзгөрдү

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибандын"* азыркы бийлиги менен 20 жыл мурунку башкаруусун салыштырды.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Талибандын саясаты АКШнын аскер күчтөрү Афганистанга киргенге чейинки убакытка салыштырмалуу өзгөрдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирди.
Ал "Азыркы Афганистан: Борбор Азия жана Россия үчүн коркунучтар менен чакырыктар" аттуу кыргыз-орус маалымат жыйынында сүйлөдү. Журналисттер андан "Талибандын" азыркы бийлигинин тушунда эмне өзгөргөнүн сурашкан.
"Азыркы талибдерди 2001-жылы АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү киргенге чейинки убак менен салыштырганда, албетте, көп нерсе өзгөрдү. Учурда талибдердин ЖМКга, кыздардын билимине, аялдардын укугуна карата мамилесинде оңолуу бар. Бирок башка өлкөлөр каалагандай деңгээлде эмес", — деген Масадыков.
Ал кошумчалагандай, бул маселе ачык бойдон калып, афган эли менен азыркы өкмөт аны чечүүнүн жолун табуу аракетинде болуп жатат.
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0