Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков

Кыргызстан "Талибан"* өкмөтүн тааныйбы? Масадыковдун жообу

234
(жаңыланган 13:45 24.11.2021)
Масадыков талибдердин өкмөтүн таануу маселеси татаал экенин, аны көптөгөн өлкөлөр талкуулап жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Талибан"* өкмөтүн таануу маселеси күн тартибинде жок. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирди.

Ал бүгүн "Афганистандын жаңы реалдуулугу: Борбор Азия менен Россия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деп аталган кыргыз-орус конференциясында сүйлөдү.

Масадыков "Талибан" өкмөтүн таануу маселеси татаал экенин, аны көптөгөн өлкөлөр талкуулап жатканын айтты.

"Расмий статусун тааныбай туруп байланышуу, консультация жүргүзүү, жүк жеткирүү, жардам берүү кыйын, бирок азырынча буга мүмкүнчүлүк болууда. Биз таанууну каалайбыз деп айтуудан алыспыз. Мындай позицияны көптөгөн өлкөлөр карманып жатат деп ойлойм. Маселе эртеби-кечпи талкууланып, чечим кабыл алынат. Азырынча биздин позиция — афган өкмөтүн таануу маселеси күн тартибинде жок, аны талкуулабайбыз", — деди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле ал талибдердин өкүлдөрү соңку жылдары дээрлик бардык өкмөт менен сүйлөшкөнүн кошумчалады.

* — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.

234
Белгилер:
Таалатбек Масадыков, 'Талибан' кыймылы, Кыргызстан, маселе, таануу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)
Тема боюнча
Масадыков: "Талибандын"* саясаты 2001-жылдан бери өзгөрдү
Талибдер өкмөттүн жаңы курамына БУУнун санкциялык тизмесиндегилерди киргизди
Аялдар катышкан телесериалдар көрсөтүлбөйт. Талибдердин жаңы талабы
Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

0
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

теги: Кыргызстан өкмөт санариптештирүү документ Акылбек Жапаров

инж: https://sputnik.kg/society/20211126/1054746516/okmot-baldarzhyn-zholokpulu-kobojtulot.html

0
Шайлоо участогу. Архив

Бүгүн Кыргызстанда "жымжырт күн", үгүт иштери токтотулду

85
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт. Көчөгө илинген баннерлер алынат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырт күн".

Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.

Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүүдөн бир күн мурун саат 18:00дө токтотулат.

Мыйзамга каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чаралар колдонулат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.

85
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, жымжырттык режими, үгүт, токтотуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Парламенттик шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салмай болду