Шайлоого көз салчу КМШ депутаттарын өзбекстандык парламентарий жетектеп келет

© © SputnikӨзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов. Архив
Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Делегациянын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан парламентинин депутаттары кирген.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) делегациясы парламенттик шайлоого байкоо салуу үчүн келет. Бул тууралуу аталган уюмдан билдирди.
Шайлоо участогуда добуш берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Парламенттик шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салмай болду
КМШ ПАА эл аралык байкоочулар тобунун координатору болуп Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов дайындалды.
"Азыркы учурда мониторинг жүргүзүүнүн жана добуш берүү күнү байкоочулар кыдырчу жайлардын программасы түзүлүүдө. Ошондой эле бийлик органдарынын өкүлдөрү, БШКнын жетекчилиги, саясий партиялардын мүчөлөрү менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган байкоочулар Кыргызстандан сырткаркы 14 өлкөдөгү шайлоо участкаларына мониторинг жүргүзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0