Шайлоо 2021: добуш берүүнүн жыйынтыгы качан чыгат

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо жыйынтыктарын санап жаткан кызматкерлер. Архив
Шайлоо жыйынтыктарын санап жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Жетинчи чакырылышта 90 депутат болот.
Бул шайлоодо 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугун алган, чет өлкөдөн катталгандары – 84 128. 
Жогорку Кеңештин депутаты жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Азыркы талапкерлердин кимиси былтыркы шайлоого да катышкан. Ысымдар
Жаңы система боюнча 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланат. Добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Белгилей кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болуп, бийлик алмашкан. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Натыйжада VI чакырылыштын депутаттары алты жыл иштеди.
Жаңылыктар түрмөгү
0