Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы качан белгилүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоонун жыйынтыгын эсептөө. Архив
Шайлоонун жыйынтыгын эсептөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Партиялар үчүн беш пайыздык босого чек коюлган, бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы утуп чыгат.
Бул шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран добуш берүү укугун алган. Анын ичинен 84 128и чет өлкөдө.
Парламенттик шайлоодо 21 саясий партия, бир мандатуу округдан 287 талапкер ат салышат. Жалпысынан 2 494 шайлоо участогу ачылып, 59у чет мамлекетте жүргөн мекендештерди тейлемекчи.
Жогорку Кеңештин депутаты жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Азыркы талапкерлердин кимиси былтыркы шайлоого да катышкан. Ысымдар
Жаңы система боюнча 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалат. Шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Белгилей кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болуп, бийлик алмашкан. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Натыйжада VI чакырылыштын депутаттары алты жыл иштеди.
Жаңылыктар түрмөгү
0