Кыргызстаныдн президенти Садыр Жапаров. Архив

Бүгүн Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

70
(жаңыланган 09:29 26.11.2021)
Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана алардын социалдык баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 26-ноябрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгынын алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анда парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланат.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун концепциясы карала турганы айтылды.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат. Алар:

  • Төраганын орун басары — Таалатбек Масадыков;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы — Марат Иманкулов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси — Акылбек Жапаров;
  • Мамлекеттик катчы — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Башкы прокурор — Курманкул Зулушев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков; 
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов.

Мындан сырткары, жыйынга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана алардын социалдык баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы кошумчаланды. Түз эфир саат 10:00дө башталат.

70
Белгилер:
Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңеши, жыйын, түз эфир
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Афган качкындары Борбор Азияны каптайбы? Масадыковдун жообу. Видео
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

42
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

42
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди
Митингчилер. Архив

Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты

91
(жаңыланган 16:49 30.11.2021)
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жумабеков атаандашы Назарбековдон 125 добуш айырма менен алдыда баратат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Алар Кызыл-Адыр айылына чогулуп, №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун утуп чыгышына каршылыгын билдиришүүдө. Топтолгондор Жумабековду добуш сатып алууга күнөөлөп жатышат. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Чогулгандар ушул эле округдан талапкерлигин койгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары.

№20 Манас шайлоо округунда учурда бюллетендердин 96,41 пайызы кол менен эсептелип бүттү. Анда Жумабеков 13 171 добушка ээ болуп алдыда баратат. Ал эми Назарбеков элдин 13 046 добушу менен экинчи орунда турат.

91
Белгилер:
Дастанбек Жумабеков, Талас облусу, митинг, каршылык, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео