БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архив

Жапаров: мурда мен да Шайлдабекованы жаман көрчүмүн, кийин түшүндүм

224
(жаңыланган 13:25 26.11.2021)
Мамлекет башчы мыйзамдуулукту орнотууда Шайлдабековадай адамдар керектигин белгилеп, жаман көрсө да кайра кызматка койгонун айтты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Мурда мен да БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жаман көрчүмүн, кийин кеп анда эмес экенин түшүндүм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Шайлдабекова шайлоого даярдык тууралуу баяндама жасап бүткөндөн кийин өлкө башчы анын ишмердүүлүгүнө баа берди.

"Айрымдары "Шайлдабекова кетсин, ушул шайлоону тигинтип, минтип жатат" деп жазууда. Ачыгын айтайын, мен дагы мурда эл сыяктуу Шайлдабекованы жаман көрчүмүн. "Баарын ушул аял кылып жатат, Боршайком күнөөлүү болуп жатат" деп ойлочумун да. Былтыр октябрь окуясынан кийин Нуржан Кармабековнадан баарыбыз сурандык, кыйнап же башка кылган жокпуз. Жаңы Конституцияны кабыл алып алалы, үч айда бүтөт, президенттик шайлоону дайындабай туруңуз, анан жаңы система менен тарыхтын эски барагын жаап кетели дегенбиз. Болбой дайындап салды, айла жок катыштык", — деди Жапаров.

Ошондон кийин ал кептин баары Нуржан Шайлдабековада эмес экенин түшүнгөнүн ачык айтты.

"Кептин баары төбөсүндө туруп алгандарда экен. Нуржан Кармабековна көз каранды болуп көбүн айла жок жасайт экен. Кыргызда "балык башынан сасыйт" деген сөз бар. Андыктан биз — башы сасыбасак этеги жакшы болот экен. Ал мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө акылы да, күчү да жетет экен. Ошон үчүн жаман көрсөм да алып келип кайра кызматка койдум. Анткени мыйзамдуулукту орнотууда бизге мындай адамдар керек", — деди президент.

Аны менен катар Жапаров мындан ары да таза, адилеттүү болууга чакырып, чыр-чатак жаралса ачык айтып чыгып, чара көрүү керектигин белгиледи.

 

224
Белгилер:
Садыр Жапаров, Нуржан Шайлдабекова, шайлоо, дайындоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Бишкектеги өкмөтүнүн имараты. Архив

Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти да тейлемей болду

156
(жаңыланган 16:51 02.12.2021)
Таратылган маалыматта эки башкармалыктын базасында президенттин иш башкармалыгы түзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бириккенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы түзүлөт.

Аталган башкармалык президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңеш аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

156
Белгилер:
президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, иш, башкармалык, биригүү
Тема боюнча
Бак чуркайт! Партия номери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер эмне дейт?
ТЭЦ-2 аймагында жашагандардын 47,7 гектар жери мыйзамдаштырылды. Чоо-жайы
Жогорку Кеңештин вице-спикеринин орду. Архив

Бирөөнүн ордуна добуш бере албайсыңар. ЖКнын вице-спикери шайланбай калды

164
(жаңыланган 16:02 02.12.2021)
Залда 40ка чамалуу эле депутат отурган. Касымалиева ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга толук келбегендиктен вице-спикер шайланбай калды.

Аталган кызматка "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлгөн.

Төраганын милдетин аткарып жаткан Аида Касымалиева вице-спикерди шайлоо электрондук эмес, бюллетень аркылуу жабык добуш берүү менен өтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды. Мындай норма Конституцияда дагы, Жогорку Кеңештин регламентинде да жок экенин белгиледи.

"Негизи 61 добуш алган талапкер вице-спикерликке шайланат. Азыр залда 40 эле депутат отурат. Анан кантип шайлоо өткөрөбүз. Андан көрө бул маселени күн тартибинен алып салалы", — деди эл өкүлү Айбек Осмонов.

Ал эми Аманкул Токтомамбетов мурда деле ишеним каттын негизинде шайлап келишкенин айтып, ошол ыкманы азыр да колдонууну сунуштады.

Ага Аида Касымалиева "мурдагыларга ошол төрагалар жооп берсин. Мен төрагалык кылып жатканда андай болбойт" деп жооп берди. Ошондой эле ал кармалган депутаттардан УКМК эмнеге бирөөнүн ордуна добуш бергенин сурап жатканын эскертти.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.

164
Белгилер:
Аида Касымалиева, вице-спикер, шайлоо, добуш берүү, ишеним кат
Тема боюнча
Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

0
(жаңыланган 18:21 02.12.2021)
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
  • Россиялык бийкечтин бийи
  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
Чыгыш бийи — улутка, динге, адамдын жынысына карабай көптөрдү кызыктырган, өзүнө тарткан искусствонун бир түрү. Sputnik бул сапар ар кайсы өлкөлөрдөгү бий чеберлерин сүрөт баянда сунуш кылат.

Көргөн көздү кызыктырган бул бийдин мекени Жакынкы Чыгыш деп эсептелет. Ал бир нече кылымда бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган. Азыркы күндө анын элүүгө чукул түрү бар деп айтылып келет.

Ал аткарылып жатканда көз салбай, кайдыгер карап, кыя өткөндөрдү кезиктирүү кыйын. Чыгыш бий дүйнөнүн башка жагынан пайда болгону менен бул кылымда тутунган динине, улутуна карабай көп мамлекеттерде эл кызыгып көргөн, кызыгып бийлеген искусствонун түрүнө айланды.

0
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
    © AP Photo / Anonymous

    Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган

  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
    © AP Photo

    1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру

  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат

  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы

  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи

  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
    © AFP 2021 / Khaled Desouki

    Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан учуру

  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш

  • Россиялык бийкечтин бийи
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Россиялык бийкечтин бийи

  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
    © AP Photo / Aly Mahmoud

    Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү "сексуалдуулукка азгыруу" деп эсептелет

  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш

Белгилер:
чыгыш, бий, сулуу, сүрөт, фото, Каир, искусство
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу