Жогорку Кеңештин депутаты жыйын учурунда. Архив

Азыркы талапкерлердин кимиси былтыркы шайлоого да катышкан. Ысымдар

560
(жаңыланган 12:24 26.11.2021)
Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоо ушул жекшембиде өтөт. Өлкөдөгү бул олуттуу саясий окуяны утурлай былтыркы шайлоого да бир кылчайдык.

Азыр депутаттыкка аттанган талапкерлердин жоон тобу былтыр күздө да Жогорку Кеңештен орун алуу үчүн жарышка чыккан. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы анда жокко чыгарылган эле. Ага 5-6-октябрдагы окуялар түрткү болгону маалым.

Ошондо шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламенттеги орундар төрт партиянын: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстандын" ортосунда бөлүштүрүлгөн. Болгондо да алгачкы экөө басымдуу бөлүгүн ээлеп, 120 мандаттын 90у ушул партиялардын энчисине тийген.

Партиялык тизме боюнча азыр да ат салышып жаткан талапкерлерден ошондо кимдер күч сынашканын Sputnik Кыргызстандын кабарчылары эстеп көрдү. Быйылкы жана 2020-жылы сентябрда Борбордук шайлоо комитети жарыялаган партиялардын тизмелерин кылдат салыштырып чыктык.

"Социал-демократтар"

Бул партиядан шайлоого аттанган 54 талапкердин 26сы октябрдагы шайлоого да катышкан. 17си ушул эле саясий бирикмеден азыр да жарышка чыкты:

  1. Атамбаев Кадырбек Алмазбекович
  2. Карамушкина Ирина Юрьевна
  3. Кодуранова Асель Союзбековна
  4. Орозова Карамат Бабашевна
  5. Камаева Айчүрөк Үсөнбековна
  6. Касымбеков Нурбек Айтыевич
  7. Усубалиев Таалайбек Болотбекович
  8. Айнакулов Мухтарбек Айнакулович
  9. Артыков Анвар
  10. Борбукеева Рита Нурмаметовна
  11. Кермалиев Таалайбек Жеңишович
  12. Малтаева Кундус Бейшеновна
  13. Рустамов Абдыкалык Алибекович
  14. Борончиев Алик Дайырбекович
  15. Мукамбетов Жакшылык Мамбетказиевич
  16. Самигуллина Альфия Эльдаровна
  17. Касмалиев Илимар Карыпович

"Бүтүн Кыргызстан" — 2 талапкер:

  1. Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевич
  2. Темиров Абыдин Салайдинович

"Ордо" — 2 талапкер:

  1. Медетбекова Гүлбарчын Казымкуловна
  2. Тайгашкаев Руслан Авасканович

Партиялардан бирден талапкер:

  • "Ыйман нуру": Адилбек уулу Шумкарбек
  • "Ата Мекен": Момбеков Рыскелди Чыныбекович (жарыштан четтетилди)
  • "Республика": Коеналиев Жоошбек Кармышович
  • "Мекеним Кыргызстан": Тургунбаев Замирбек Жолболдуевич
  • "Бир бол": Курбанов Талайбек Сулайманович

"Ата-Журт Кыргызстан"

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан аттанган 54 талапкердин 23ү былтыркы шайлоого да катышкан. Ошол кезде алар төмөнкү саясий уюмдардын катарында күч сынашкан:

"Мекенчил" — 9 талапкер:

  1. Маткеримов Айбек Тураталиевич
  2. Сабиров Равшанбек Азатович
  3. Токторбаев Жеңишбек Шермаматович
  4. Нышанов Жайлообай Данибаевич
  5. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна
  6. Калпаев Бактыяр Алиевич
  7. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович
  8. Кыдыкбаев Жаныбек Султанович
  9. Үмөталиев Мирбек Сарылбекович

"Мекеним Кыргызстан" — 7 талапкер:

  1. Нарбаев Каныбек Жайчиевич
  2. Борбуев Берадор Сманович
  3. Култаева Гүлшаркан Оконовна
  4. Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович
  5. Козуев Алишер Абибиллаевич
  6. Маматов Канатбек Мурзаевич
  7. Ибраимов Максатбек Тургунбекович

"Кыргызстан" — 3 талапкер:

  1. Исаева Жамиля Кубанычбековна
  2. Масабиров Талайбек Айтмаматович
  3. Исаев Жаныбек Базаркулович

"Биримдик" — 2 талапкер:

  1. Тулендыбаев Пархат Розымович
  2. Саякбаев Рустам Темирбекович

"Ата Мекен" — 1 талапкер:

  • Макеев Керимберди Жакыпович

"Социал-демократтар" — 1 талапкер:

  • Талиева Камила Абдыразаковна

"Альянс"

Бул партиядан бараткан 54 талапкердин 23ү 2020-жылы октябрда да шайлоого катышкан. Бул талапкерлер ал кезде төмөндө аталган саясий бирикмелерде эле:

"Бир бол" — 8 талапкер:

  1. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич
  2. Алимжанов Фарходбек Айбекович
  3. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович
  4. Капарова Чынара Абдылдаевна
  5. Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович
  6. Арзиев Эсенбек Маматкаримович
  7. Исманов Абдиалим Абдукайымович
  8. Нажмидинов Дилшод Гуломжонович

"Ата Мекен" — 5 талапкер:

  1. Акаев Жанарбек Кубанычович
  2. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович
  3. Абакиров Элдар Курманбекович
  4. Осмонов Евраз Арысланбекович
  5. Качкынбаев Сейтек Садырбекович

"Мекеним Кыргызстан" — 3 талапкер:

  1. Тиллаев Таабалды Гапырович
  2. Исаков Толкунбек Маматович
  3. Молдобекова Гүлкан Сакиновна

"Республика" — 2 талапкер:

  1. Жээнчороев Мирлан Канатбекович
  2. Кожобеков Жолдошбек Асанович

"Замандаш" — 2 талапкер:

  1. Мамашова Айсулуу Турусбековна
  2. Жаналиева Юлия Сергеевна

"Мекен ынтымагы" — 1 талапкер:

  • Айдаров Оросбек Бактыкеевич

"Бүтүн Кыргызстан" — 1 талапкер:

  • Сапарбаев Эрлан Турдакунович

"Мекенчил" — 1 талапкер:

  • Букуев Медетбек Омошевич

"Ата Мекен"

"Ата Мекен" партиясынан шайлоого аттанган 52 талапкердин 21и былтыркы шайлоого да катышкан. Алардын 13ү "саясий уясын" алмаштырган эмес, башкача айтканда, бул талапкерлер 2020-жылдын октябрында да дал ушул саясий топ менен жарышка түшкөн:

  1. Токтогазиев Тилек Мурсалиевич
  2. Никитенко Наталья Владимировна
  3. Аскаров Эрлан Алсеитович
  4. Ким Ин Сен
  5. Долдоев Таалайбек Анарбаевич
  6. Орумбеков Эрик Көлбаевич
  7. Турдубаев Айбек Мамаевич
  8. Жолдошова Элнура Иматиллаевна
  9. Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытович
  10. Шаршеналиев Мирлан Молдоисаевич
  11. Ивахник Наталья Владимировна
  12. Иванова Валентина Петровна
  13. Дүйшеева Аэлита Кубанычовна

4 талапкер былтыр "Реформа" партиясынын курамында катышкан:

  1. Сооронкулова Клара Сыргакбековна
  2. Нурбаев Эркинбек Русланович
  3. Мамасалиева Гүлгакы Эшмаматовна
  4. Бирюкова Виктория Александровна

Эки талапкер "Бүтүн Кыргызстандын" катарында болчу:

  1. Акматова Венера Сайпидиновна
  2. Маматаев Улукбек Калмаматович

Ошол кездеги "Замандаш" партиясынан (Бекчоро уулу Эрлан) жана "Республикадан" (Теңизбаев Камбарбек Асипбаевич) бирден талапкер азыр ушул партия менен баратат.

"Ишеним"

"Ишеним" партиясындагы 54 талапкердин 21и 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан. Бул талапкерлер ал кезде төмөндө көрсөтүлгөн партияларда эле:

"Биримдик" — 4 талапкер:

  1. Рахимов Мамыржан Тойчиевич
  2. Аманова Бурул Кушбековна
  3. Жусупов Эмилбек Рамидинович
  4. Осмонова Айнура Шермаматовна

"Мекеним Кыргызстан" — 4 талапкер:

  1. Шабазов Бахридин Валиевич
  2. Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович
  3. Ормонов Жапарбек Туратович
  4. Каналиев Бактыбек Эркинович

"Замандаш" — 3 талапкер:

  1. Подобедов Олег Владимирович
  2. Ормонов Улугбек Зулпукарович
  3. Абдыхалыков Нурлан Нишанбаевич

"Мекенчил" — 3 талапкер:

  1. Карабаева Канымбү Исираиловна
  2. Маткаликов Абдупата Жороевич
  3. Примкулов Мирланбек Исламбекович

"Кыргызстан" — 2 талапкер:

  1. Досалиев Акуналы Атамырзаевич
  2. Султанбекова Чолпон Аалыевна

"Бир бол" — 2 талапкер:

  1. Рустамбек уулу Советбек.
  2. Тагаев Заир Муталович

Бул партиялардан бирден талапкер:

  • "Бүтүн Кыргызстан": Арапбаев Руслан Арапбаевич
  • "Ата Мекен": Эркебаев Азат Абдыганиевич
  • "Ыйман нуру": Молдоярова Дамира Батыркуловна (2020-жылы жарыштан четтеп калган).

"Бүтүн Кыргызстан"

52 талапкердин 20сы былтыр да жарышка чыккан. Быйыл "Бүтүн Кыргызстандын" катарында бараткан бул талапкерлердин бешөө гана 2020-жылдын октябрында башка партиялардан ат салышканы болбосо, 15и ушул эле саясий топ менен барган:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
  2. Масалиев Исхак Абсаматович
  3. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна
  4. Сманбеков Темирлан Камашович
  5. Жайчиев Эмиль Аканбекович
  6. Айдарова Айгүл Абдисаламовна
  7. Кулмурзаева Айпери Суйунтбековна
  8. Айтбаев Акыл Казакович
  9. Берикбаев Санжарбек Турдукулович
  10. Шерматов Батырали Ташбаевич
  11. Довлотов Сейитбек
  12. Эшеналиева Назгүл Арстановна
  13. Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна
  14. Алибаева Айгерим Абдижалиловна
  15. Осмонов Сейдали Омарбекович

Төмөнкү партиялардан экиден талапкер:

"Мекеним Кыргызстан":

  1. Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович
  2. Эрбаев Алишер Ташбаевич

"Ата Мекен":

  1. Токтошев Эмил Токтакунович
  2. Клименко Илья Петрович

Талапкерлердин бири былтыр "Республика" партиясынан катышкан:

  • Бердиев Аккулу Тагаевич

"Ынтымак"

"Ынтымак" партиясынын тизмесиндеги 52 талапкердин 19у былтыркы парламенттик шайлоодо күч сынашкан. Ал кезде бир даары төмөндө көрсөтүлгөн партиялардан аттанган:

"Мекеним Кыргызстан" — 5 талапкер:

  1. Маматалиев Марлен Абдырахманович
  2. Жоробеков Тариел Улукбекович
  3. Акимов Абдиталип Паттаевич
  4. Эргешов Казыбек Кочкорович
  5. Жунушбаева Рахат Мырзабековна

"Республика" — 4 талапкер:

  1. Лурова Лейла Хияновна
  2. Турсункулов Кутман Нурланович
  3. Мидин уулу Канатбек.
  4. Урумкалиева Чинара Чалагызовна

"Мекенчил" — 3 талапкер

  1. Марипова Адинай Мариповна
  2. Малабеков Данияр Турусбекович
  3. Эргешов Байгазы Анаркулович

"Биримдик" — 2 талапкер:

  1. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович
  2. Каримов Тариел Келдибекович

Бул партиялардан бирден талапкер:

  • "Кыргызстан": Мамытов Талант Турдумаматович
  • "Бир бол": Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
  • "Чоң казат": Касымбеков Жаркынбек Орозбекович
  • "Реформа": Көкүлов Эрулан Калчороевич

"Ата Мекен":

  • Годунова Елена Владимировна

"Ордо"

50 талапкердин 15и 2020-жылы да шайлоого аттанган. Эч кимиси саясий бирикмесин алмаштырган эмес:

  1. Мияров Мирбек Ибаратович
  2. Турдалиев Айбек Чыныбекович
  3. Өмүракунов Жанарбек Намазбекович
  4. Асаналиев Адилет Талантбекович
  5. Шаршембаева Жамиля Бакытовна
  6. Зимин Игорь Викторович
  7. Курманова Тамара Аблабековна
  8. Бердалиев Бакир Калимович
  9. Абдыллаева Гүлнара Оморовна
  10. Абдрахманов Уланбек Есенгельдиевич
  11. Мурзакматов Кубанычбек Абылович
  12. Сагынбек уулу Кубан
  13. Нурлан уулу Элдияр
  14. Нуржанов Мухаммед Кавланович
  15. Самаков Мирбек Нурдинович

"Азаттык"

"Азаттыктан" аттанган 52 талапкердин 14ү былтыр да парламенттик шайлоодо күч сынап, бирок алар төмөндө аталган партиялардын тизмесинде эле:

"Мекеним Кыргызстан" — 6 талапкер:

  1. Жунусов Ибрагим Кожоназарович
  2. Исамамбетов Кылычбек Байышович
  3. Келдибеков Ахматбек Келдибекович
  4. Мамырова Бөдөш Аманбаевна
  5. Иванов Виктор Геннадьевич
  6. Равшанова Жылдыз Равшановна

"Мекен ынтымагы" — 2 талапкер:

  1. Клюева Сакина Рустам гызы
  2. Умаров Русланбек Камилович

"Биримдик" — 2 талапкер:

  1. Жумалиева Элмира Бусурманкуловна
  2. Нурбаев Төлөнбай Камалдинович

Бул партиялардан бирден талапкер:

  • "Мекенчил": Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна
  • "Ата Мекен": Шерниязов Абылкасым Эсентаевич
  • "Республика": Исаков Эсенгул Байдалиевич
  • "Кыргызстан": Раимбеков Алмаз Болотбекович

"Ыйман нуру"

"Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги жети талапкер былтыр да саясий жарышка чыкса, алардан алтоо бул жолу дагы өз саясий тобу менен баратат:

  1. Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
  2. Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович
  3. Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна
  4. Ашимова Динара Ашимовна
  5. Даанышман Мирлан
  6. Дамиров Кубанычбек Дамирович

Ошондой эле быйыл "Ыйман нурунун" катарында былтыр "Социал-демократтар" менен чыккан Эрматов Байсалбек Эрдоолатович бар.

"Аруузат — эл куту" партиясы

Шайлоого аттанган 49 талапкердин ичинен жети киши өткөн жылы да бул саясий жарыштын даамын таткан. Алардан алтоо "Чоң казаттан" келишкен:

  1. Бекова Алмакан
  2. Махмудова Наргиза Абдилазизовна
  3. Жусупова Нурзада Аскарбековна
  4. Токтогазиев Темирбек Шүкүрбекович
  5. Эрмекбаев Шамырбек Бегинбаевич
  6. Апылаева Гүлифа Кожоевна

Дагы бир талапкер мурда "Социал-демократтардын" тизмесинде болгон, бирок шайлоо жарышынан четтетилген (Самиева Машхура Шавкатовна).

"Багыт" либерал-демократиялык партиясы

44 талапкердин арасынан алтоо былтыр парламенттик шайлоодо төмөнкү партиялардан ат салышкан:

"Мекенчил" — 3 талапкер:

  1. Отунчиев Самат Ооматбекович
  2. Ибраев Мирлан Маратович
  3. Акматова Гүлмира Нуркуловна

"Мекен ынтымагы" — 1 талапкер:

  • Коңурбекова Кундуз Абакировна

"Ыйман нуру" — 1 талапкер:

  • Исакова Мавлюда Шадымановна

"Бир бол" — 1 талапкер:

  • Асеин уулу Азамат

“Кыргызстандын биримдиги” партиясы

53 талапкердин ичинен 5 киши мурда да шайлоого төмөнкү партиялардын тизмеси менен катышкан:

  • "Биримдик": Асылбаева Гүлшат Кадыровна
  • "Мекеним Кыргызстан": Атабекова Кызжибек Азимжановна
  • "Республика": Акматбеков Манас Сулкарнаевич
  • "Ыйман нуру": Усубалиева Инабат Эшановна
  • "Чоң казат": Орозобеков Бакытбек Чынарбекович

"Мекенчил эл"

53 талапкерден бешөө 2020-жылдын октябрындагы шайлоого бул партиялар менен чыккан:

"Чоң казат" — 2 талапкер:

  1. Абдивалиева Райкан Абдижамиловна
  2. Кошоев Ахунбай
  • "Мекеним Кыргызстан": Жумагазиева Нуржан Курманбековна
  • "Мекенчил": Асанбекова Айымкүл Талгатбековна
  • "Ыйман нуру": Тиллебаев Маматкадыр Сабирович

"Улуу журт"

52 талапкердин ичинен беш киши былтыркы шайлоодо депутаттык мандат үчүн ат салышкан. Бирок ал кезде бул партиялардын тизмесинде эле:

"Мекен ынтымагы" — 3 талапкер:

  1. Абдыкеева Бермет Сартбаевна
  2. Турумбеков Курманбек Абдыкасымович
  3. Кыдыршаев Алтынказы Карыпович

"Кыргызстан" — 1 талапкер:

  • Орозбаев Мирлан Кубатбекович

"Мекенчил" — 1 талапкер:

  • Кадырова Сонунбү Эргешовна (2020-жылы жарыштан четтетилген).

"Эл үмүтү"

53 талапкерден төрт киши былтыр да шайлоонун жүгүн көтөрүшкөн. Алар анда бул партиялардын тизмесинде эле:

"Мекенчил" — 2 талапкер:

  1. Шаякматов Ниязбек Дүйшенбекович
  2. Нишанбай уулу Таалайбек.

Төмөнкү партиялардан бирден талапкер:

  • "Ыйман нуру": Карыбек уулу Улукбек
  • "Бир бол": Кубанов Нурсултан Кубанович

Кыргызстан жашылдар партиясы

52 талапкерден үчөө 2020-жылдын октябрындагы шайлоо машакатын жон териси менен сезгендерден. Экөө "Реформадан":

  1. Абдыраимова Мира Мидиновна
  2. Султанбекова Алтынай Ильинична

Бир талапкер 2020-жылы "Чоң казаттын" тизмесинде болчу — Суеркулов Нурис Жумабекович

"Улуттар биримдиги"

"Улуттар биримдигинен" ат салышып турган 54 талапкерден былтыркы шайлоого үч киши катышкан. Анда бул талапкерлер төмөндө аталган партиялардын тизмесине кирген:

"Бир бол" — 2 талапкер:

  1. Эратов Сайитжан Саматович
  2. Момбекова Бактыгүл Замирбековна

"Чоң казат" — 1 талапкер:

  • Акимов Турат Кудайбергенович

"Жашасын Кыргызстан"

25 талапкердин ичинен бирөө гана — Асылбеков Куттубек Бообекович былтыр шайлоого "Ордо" партиясы менен катышкан.

"Легалайз" жана "Күчтүү регион" партияларында 2020-жылы октябрда өткөн шайлоодо күч сынашкандар жок.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо тууралуу биздин башка бир макалабыздан да таанышсаңыз болот. Жекшемби күнү добуш берүү аяктаган соң анда автоматтык саналган шайлоо үкөктөрүндөгү маалыматтар боюнча, ошондой эле кол менен саналгандан кийинки да алдын ала жыйынтыктар жарыяланат.

560
Белгилер:
шайлоо, парламент, катышуу, саясый партия, мандат, жыйынтык, талапкер
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (181)
Тема боюнча
БШК жаңы эреже менен өтө турган шайлоонун бюллетенин көрсөттү. Сүрөт
Шайлоого көз салчу КМШ депутаттарын өзбекстандык парламентарий жетектеп келет
Кармалган киши. Архив

Депутаттыкка талапкер айымдын күйөөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

36
(жаңыланган 21:44 27.11.2021)
УКМКнын маалыматына караганда, шектүү Ысык-Ата районунун жашоочуларынын добушун сатып алууга аракет жасаган. Ал 30 миң сом берип жатканда кармалган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Д.Э.Б. аттуу депутаттыкка талапкер аялдын күйөөсүн добуш сатып алуу фактысы боюнча колго түшүрдү.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө талапкердин Т.Ы.О. аттуу жолдошу Ысык-Ата районундагы шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн 40 миң сом бергени аныкталган.

"Т.Ы.О. 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Жеке буюмдарын кароо учурунда саясий партиянын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган", — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү ("Добуш сатып алуу") боюнча иш козголду.

36
Белгилер:
УКМК, шайлоо, парламент, добуш, сатып алуу, кылмыш
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
УКМК: Бишкекте добуш сатып алууга акча бөлүштүрүп жаткан адам кармалды. Видео
Бишкек: добуш сатып алууга шектелгендер кармалды. Видео
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда жумушчу сапары менен. Архив

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга учуп кетет

71
(жаңыланган 20:28 27.11.2021)
Эртең, 28-ноябрда, Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтөт. Жапаров ушуну менен Түркмөнстанга жыл ичинде үчүнчү ирет барганы жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин жүрүшүндө өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алынышы күтүлүүдө.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жыл ичинде Түркмөнстанга эки ирет барган – июнь айында расмий сапары менен, августта болсо Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусуна катышкан.

71
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Түркмөнстан, иш сапар
Тема боюнча
Шайлдабекова Жапаровго добуш берүүнүн жол-жобосун көрсөттү. Сүрөттөр
Театр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева

Кырсык өтө тез болуп кетти... Марат Козукеевдин жубайы Айсалкын менен маек

100
(жаңыланган 22:06 27.11.2021)
Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги "Туяк" рубрикасына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Марат Козукеевдин жубайы, театр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаеваны чакырды.

Азыркы муундун жаңыча ойлонгон таланттуу режиссёру Марат Козукеевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп Айсалкын айымга бир нече суроо узаттык.

Марат Козукеев 2002-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамын алган. Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Ал койгон Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли 2017-жылдын апрель айында Казакстанда өткөн эл аралык "Театр жазы-2017" фестивалынан 2-орунду алса, "Тумар ханыша" спектакли Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында баш байгеге ээ болгон.

Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр, апасы Кандалат Муратова да режиссёрдун жардамчысы катары эмгектенип, түгөйлөр өмүрүн театрга арнашкан.

— Айсалкын айым, алдыдагы мүнөттөрдө жолдошуңуз Марат Козукеевди эскерели деп турабыз. Сөз сизде анда.

— Марат чыгармачылыктын туу чокусунда турган убагында кеткен таланттуу адамдардын бири болуп кала берди. Үйдө кыздарынын сүйүктүү атасы жана өтө боорукер, билимдүү, өзүнүн иштеген ишин абдан жакшы көргөн инсан болчу.

— Ал киши актёрлукту аркалап, режиссёр да болуп эмгектенчү. Бул кишиде ушул эки өнөрдүн кайсынысы күчтүү эле?

— Менимче, эң биринчи мыкты актёр эле. Биз үйлөнүп, балалуу болгуча эле мыкты образдарды жаратып, ролдорду ойноп жүрдү. Балдарга жомок коюп жүрүп, кийин гана режиссёрлукка өттү. Башында өзү иштеген училищеде, анан "Тунгуч" театрында бир топ спектаклдерди койгон. Биз иштеген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын сахнасына төрт чоң спектаклди алып чыкты.

Актриса театра и кино, заслуженная артистка КР Айсалкын Кыйыкбаева в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Айсалкын Кыйыкбаева: Марат адамдын көңүлүн оорутканды жаман көрчү. Жолдошум аябай көп окуп, өмүр бою изденип жашады. Бала менен үйдө отуруп калганда мени китеп окуганга, болгондо да орусча окуганга үйрөттү

— Жолдошуңуздун чыгармачылыгын кеп кылуунун алдында бала чагына токтолсок.

— Марат чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон. Апасы эмгек өргүүгө Өзгөнгө барып, төркүндөрүндө жүргөндө көз жарыптыр. Таятасы Өзгөндүн чоң молдосу болгон экен. Ал киши Маратка алгач Мухаммед деген ысым ыйгарат. Анан кийин метрика алганда кайнатам Марат деп өзгөртүп алган экен. Мараттын балалыгы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек — ред.) өттү. 8-классында атасы каза болуп калып, Кара-Балтадагы Эркин-Сай айылындагы атасынын инисинин үйүндө окуп калат. Анткени жалаң эле орусча сүйлөп калгандыктан тил үйрөнүп, кыргызча тарбия алсын деген ниет болуптур. Кийин Ленинграддан (Санкт-Петербург калаасы) окуп келгенде  деле кыргызча жакшы билчү эмес. Анан театрда иштеп баштаганда гана кыргыз тилин өздөштүрүп, акценти жок сүйлөй баштады. Кыргызча көп китептерди окуду.

— Кесибин кандайча тандап калган экен?

— Эми канынан берилген нерсе болсо керек. Булар кичинесинен эле ата-энеси менен гастролдоп, көшөгө артында ушул чөйрө менен аралаш өскөн. Атасы да Мараттай алгач актёр, кийин режиссёр болгон. Ал киши Москвага режиссёрдун эки жылдык окуусуна кеткенде, уулун жайкы каникулда жанына алып алчу экен. Ошол кезде Какажан Аширов (Түркмөнстандын эл артисти, актёр, режиссёр — ред.) да кайнатам менен чогуу окуптур. Кийин Какажан бизге спектакль коюп келгенде экөө ошол күндөрдү эскерип, күлүп калышчу.

— Сиздерди да театр табыштырса керек. Ортодогу сүйүү баяныңыздардын тарыхы тууралуу сурагым келип турат.

— Мен театралдык училищени бүтүп жатканда ал окуусун жаңы аяктап Москвадан келип калды. Союздун тарап жаткан учуру болгондуктан эрте, мартта эле келишкен. 1993-жылдары экөөбүз тең Жаш көрүүчүлөр театрында иштеп калганда тааныштык. Ошол эле жылы май айында Ошко гастролго барып, августта үйлөндүк. Атактуу режиссёр Алмаз Сарлыкбеков көркөм жетекчибиз эле. Ошентип мен улуу кызымды төрөп, үч жылдай үйдө отуруп калдым. Марат ал аралыкта кыргыз драмтеатрына кирип иштей баштаган. Мен 1996-жылы күзүндө кыргыз драмтеатрына иштөөгө арыз жазып, ошону менен бир театрда чогуу эмгектендик.

Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев. Архивное фото
© Фото / из личного архива Айсалкын Кыйыкбаевой
Айсалкын Кыйыкбаева: өзүм актриса болгондуктан актёрлордун каармандарына эч убакта ашык болбойм (күлүп). Анткени жашоодо кандай адам экендигин жакшы билем. Жөнөкөй көрүүчүлөр каарманга ашык болуп калышат да, анан актёр ошондой деп ойлошот

— Театрда айлык аздыгынан оокат өткөрүү кыйын болорун маданият ишмерлери айтып калышат. Экөөңүздөр тең театрда иштесеңиздер, анын үстүнө 1993-жылдары жашоо абдан катаал болгонун баарыбыз эле билебиз. Материалдык жактан көйгөй жаралган жокпу?

— Өтө эле кыйын болду. Ошол убакта сом менен рубль алмашып, бардык тармак урады. Бирок менин ата-энем да, кайын журтум да жардам берип турушту. Ал убакта кайненем театрда иштечү. Үчөөбүз тең бир убакта айлык алып, бирдей түгөтүп отуруп калчубуз. Марат ошондо эле кошумча жумуштарда иштей баштаган. Анан курс ачып, "Манас" университетине кирип кетти. Кийин училищеде да сабак берип калды. Ал абдан кыйналган учур эле. Толгон түйшүктүн бири эсиңде болсо, бири жок.

— Негизи эле бир кесипте иштеген адамдар бири-биринин ишине сын айтып турат. Сиздер да жумушту көп талкуулачу белеңиздер?

— Марат театрдын маселесин үйгө алып келгенди жаман көрчү. Бирок баары бир сүйлөшүп отуруп эле сөз театрга бурулуп кетер эле. Мен деле анын иши боюнча өз оюмду билдирчүмүн, бирок көп киришчү эмесмин. Ал деле мага өтө катуу сын айткан эмес. Өзү адамдын көңүлүн оорутканды жаман көрчү. Жолдошум аябай көп окуп, өмүр бою изденип жашады. Бала менен үйдө отуруп калганда мени китеп окуганга, болгондо да орусча окуганга үйрөттү. Мен да аны кыргызча китептерге көндүрдүм. Кош бойлуу кезимде француз жазуучусу Морис Дрюондун "Проклятые короли" китебинин үч томдугун алып келип берген. Бала менен үйдө отурганда ушуга окшогон бир канча китептерди окудум.

— Бул кишинин жараткан ролдорунун ичинен кайсынысы сизге өзгөчө жакчу эле?

— Өзүм актриса болгондуктан актёрлордун каармандарына эч убакта ашык болбойм (күлүп). Анткени жашоодо кандай адам экендигин жакшы билем. Жөнөкөй көрүүчүлөр каарманга ашык болуп калышат да, анан актёр ошондой деп ойлошот. Бирок ал роль жараткан адам жашоосунда аткарган каарманына карама-каршы, такыр башка киши болуп калышы мүмкүн. Бирок Марат өзгөчө уникалдуу роль жаратууга аракет жасачу, дайыма изденчү. Үйгө келгенде жөн гана сөз жаттап, калганын сахнада иштеп, театрдын ичинде изденип, ролдору көңүлүнө туура келмейинче талбай эмгектенчү. Ал болгон убактысын, энергиясын театрга, ишине гана арнап жүрсө да, менден "каякта жүрөсүң, качан келесиң" деген сөз чыккан эмес.

Заслуженный актер Кыргызстана, режиссер Марат Козукеев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айсалкын Кыйыкбаева: Марат өзгөчө уникалдуу роль жаратууга аракет жасачу, дайыма изденчү. Үйгө келгенде жөн гана сөз жаттап, калганын сахнада иштеп, театрдын ичинде изденип, ролдору көңүлүнө туура келмейинче талбай эмгектенчү

— Жоошураак болгонун айттыңыз, чынында айкөл адамдай көрүнчү.

— Ал киши ичинде эмнени ойлоп жатканын табуу кыйын болчу. Өтө эле токтоо, бир нерсени кечке ойлонуп, шар чечип жиберчү эмес. Ошондой убакта маселени өзүм чечип, иштерди бүткөрүп койчумун. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин эстеп, "сен ушуну сурап жатпадың беле, ошол эмне болду?" деп сурачу. Мен дагы "ай, аны мен эбак эле жасап койгом" деп койчумун (күлүп). Марат турмуштук көр-тирликке көп аралашкан жок, мен да аны аралаштырганга аракет кылган жокмун. Анча-мынча нерселерди кайненем экөөбүз эле бүтүрүп койчубуз. Жолдошумду тууган арасындагы той-топур, алыш-бериш өңдүү майда иштерге алаксытчу эмеспиз. Бирок бир туугандардын тоюна барчу. Ал жакта да көпкө отура алчу эмес, негизи ашыкча шаан-шөкөттү жактырчу эмес эле. Эл менен да аралашып кете алчу эмес. Өзүнүн чөйрөсү менен гана мамиле түзүп, аны түшүнгөн адамдар менен гана сүйлөшө алчу. Кыялданганын да айтчу эмес. Башкаларды жамандаганды да жактырбай "анын болушу ошол" деп койчу. Бирөөдөн көңүлү калып калса, артка кылчайып карабаган, аны жашоосунан биротоло чийип салган кырс адам эле.

Мараттын чарба иштерине эч шыгы жок болчу. Бул киши бычак курчутуп жатып колун кесип же электр жарыгын оңдосо туура эмес жасап коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да кыздарына шишкебекти сонун бышырып берчү. Ал театр, өнөр үчүн гана жаралган адам экенин байкагандан кийин, аны пенделик жашоодогу оокатка такыр аралаштырбай калгам.

— Экөөңүздөрдүн мүнөзүңүздөр эки башка экен. Аял катары өзгөчө кайсы сапаттарын жактырып, баш коштуңуз эле?

— Мага Мараттын оор басырыктуулугу жаккан. Ал убакта артымдан деле жүгүрүп жүргөн жигиттер көп болгон. Бирок алар менин актриса болушума каршы болушкан. Ошондуктан Мараттан дароо эле "сен мени актриса кыласыңбы же кылбайсыңбы?" деп сурагам. Анын каршылыгы жок экендигин билгенимде гана өмүрлүк жар болууга макулдугумду бергем. Ал убакта 24 жашта болчумун. Марат ошондо эле жашоого өтө олуттуу карачу. Мага өзү шадыраңдаган эркектер жакпаса керек. Өзүмдүн атам да оор басырыктуу киши болчу.

Экөөбүз тең астрономияга, археологияга абдан кызыкчубуз. Улуу кызым да бир кезде археолог-египтолог болом деп чыккан, бирок мен каршы болуп койдум.

— Сиз чарба иштерине көп аралаштырбай, агайдын театр менен гана алектенүүсүнө шарт түзүп бергениңиз үчүн да көп ийгиликтерди жаратса керек. Дегеле мамиле жагынан үйдө кандай ата жана жолдош болду?

— Ата катары аябай баласаак болчу. Кыздар менден кичине айбыгып, коркчу. Анткени бир аз катуу кармаганга аракет кылып, балдарга талапты катуу койчумун. Атасы кыздарынын сөзүн эки кылчу эмес. Эмне кыл десе, ошонун баарын жасап берчү. Мен гана чек коюп, "андай болбойт, обу жоктонбогула" деп турчумун. Балдар ооруп калса эле Мараттын "эмнеге карабай койдуңар?" деген сөзү бар болчу. Ал кишинин ою боюнча бала эч оорубай чоңоюшу керек. Баланын тиши жарылып, ичи өтсө деле аябай кайгырчу.

Мен күйөөмдүн сөгүүсүн угуп, токмогун жеген жокмун. Өтө сый мамиле кылды. Эми бизде деле анча-мынча казан-аяк кагышчу, бирок ошондо да ал мага жаман айтчу эмес. Аялдар көп сүйлөп жиберебиз да, ал угуп туруп, басып кетип калчу. Ушундай эркекке тийиштүү мыкты сапаттары бар эле. Күйөөсү ичип келип, аялынын мээсин жеп, уруп, үйдөн кууган көрүнүштөрдү башымдан өткөргөн жокмун.

Актриса театра и кино, заслуженная артистка КР Айсалкын Кыйыкбаева на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Айсалкын Кыйыкбаева: Мараттын чарба иштерине эч шыгы жок болчу. Бул киши бычак курчутуп жатып колун кесип же электр жарыгын оңдосо туура эмес жасап коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да кыздарына шишкебекти сонун бышырып берчү. Ал театр, өнөр үчүн гана жаралган адам экенин байкагандан кийин, аны пенделик жашоодогу оокатка такыр аралаштырбай калгам

— Акыркы убакта абдан катуу иштеп, мамлекеттен да колдоо таппай, ары-бери чуркап, ден соолугун бузуп алды дешет. Ушул чынбы?

— Мүмкүн өкмөт тарабынан чынында убагында колдоо болбогондур, анткени акыркы убакта спектаклдерин биринин артынан бирин чыгарып жатты. Такыр эле эс албай иштеп калганда "доктурга көрүн, ушу сенин өңүң жаман болуп турат" десем, "ушу "Боромбай" спектаклин бүтүрүп коёюн, анан барып он күн жатып дарыланам" деп жаткан. Өзүнүн энергиясын көп коротуп жиберип, жүрөгү, мээси ага чыдабай, жан дүйнөсү да кыйналып кеттиби деп ойлойм. "Ушул спектаклди чыгарып алайын" деп тырышып туруп албадыбы. Эми мен ага эч кимди күнөөлөй албайм. Кудайдын жазганы же ажал деп коёт экен. Күнү-түнү иштеп жатты. Анткени "Боромбайга" бир аз акча табылбай, ошого да кыйналган учуру болгон. Бирок баары бир акырына чыгарууга жетишпей калды. Ал спектаклге кийин Назым Мендебаиров менен ассистенти Данияр Жанжигитов акыркы чекитти койду. Эми өзү деле "өлөм" деп ойлогон жок.

Кырсык өтө тез болду. Жуунуп чыгып "Айсалкын, дарымды..." дегенде чуркап барып дарыны алып келгиче эле жыгылып, кырылдаган үн чыгып калыптыр. Дарыны шашып оозуна салгыча болбой эле көзү жумулуп, кетип калды.

— Кант диабети оорусу качан жабышкан?

— Мунун кант диабети кийин пайда болду. Ооруканага да кеч кайрылып, кеч билдик. Үйдө болгондо столдун үстүнө шекер, варенье койчу эмесмин. Дайыма тап менен жүрчү. Билбейм, эми мен дайыма жанында жүргөн жокмун да. Мүмкүн жумуштан чайга кант кошуп ичип койчубу, айта албайм. Негизи кант диабети менен ооругандар таттуу, майлуу тамактарды жегиси келе берет. Ошо ден соолугуна туура келбеген тамактарды да жеп коюп жүргөн окшойт деп калдым. Болбосо өзүнүн печеньесин, тамагын алып келип коюп, жумушуна да салып берчүмүн. Марат ден соолугуна бир аз кайдыгер мамиле жасап койду.

— Агайдын жасалбай калган пландары болдубу, мүмкүн аны башкалар ишке ашыргандыр?

— Ибрагим пайгамбар тууралуу алты сааттык спектакль коём деп жүргөн. Бул спектакль эки сааттан үч күн коюлушу керек деген. Ошол үчүн куранды, библияны да окуп чыкты. Көп маалымат чогултту. Тирүү болсо эмгиче аны жазмак. "Ооруканадан дарыланып чыксам, анан "Көгүлтүр Ысык-Көл" же "Кыргызское взморье" санаторийине жатып, сценарий да жаза келем" деп жаткан. "Мүмкүн бул темага эрте киришип алдыбы" деген да мистикалык ойлор келет.

Анан жакшы бир кино тартууну кыялданып жүргөн. Кандай кино экенин деле айтпай, сценарийин жазганда окутарын гана айтчу. Экөөбүздүн киного деген табитибиз да эки бөлөк. Мен жактырган фильмдерди "айкын эле болуп турбайбы, баарын көргөзүп койгон, ары жагында эч нерсе жок" дечү. Ал жактырган фильмдер мага кызыксыз сезилчү.

Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев. Архивное фото
© Фото / из личного архива Айсалкын Кыйыкбаевой
Айсалкын Кыйыкбаева: Сыйлык менен байлыкка эч убакта кызыккан жок. Акыркы жолу "эл артистине документтериңди жиберели" дегенде да болбой койгон. Өмүрүндө байлык да топтогон жок. "Жараткан образдарым — байлыгым" деп койчу

— Силердин үй-бүлө актёрлордун династиясы экен. Балдары бул жолду уланткысы келеби?

— Улуу кызым бул тармакта билим алып жаткан, бирок азыр такыр башка багытка кетип калды. Экинчи кызым 8-класста окуйт. Актрисалыкка шыгы, өң-келбети баары төп келет, бирок кызыкпайт. Ал анимация, режиссёрлукка көңүлдөнүп жүргөн өңдүү. Сүрөттү да жакшы тартат, бирок режиссёр болуу кыз кишиге оор. Өзүм да кыздарымдын актриса болушун каалабайт элем. Бештен алтыга карап калган Ибрагим аттуу уулу бар. Мүмкүн убагы келсе уулунан чыгаттыр. Эми аман-эсен чоңоё берсин.

— Устат-шакирттери кимдер болду?

— Москвада институтта окуп жүргөндө Астрахань аттуу еврей устаттын колунан билим алыптыр. Ошол киши тарбиялап, көп нерсе үйрөткөн. Марат орус тилдүү болгондуктан экөө көп сүйлөшчү экен. Ал Маратты калып, биротоло режиссёрлукту окуп кетүүгө көндүрөт. "Мени Кыргызстанда бир нерсе күтүп жаткансып, "жок" деп кетип калгам. Окуп эле келсем болмок экен" деп өкүнүп калчу. Театрда мыкты режиссёр Бообек Ибраев, Замир Сооронбаев менен көп иштешти. Мындан Бообек Ибраев агайды устатым деп айтууга акысы бар болчу.

Марат бир типтеги актёр эмес эле, ал баатырды баатырдай, байкушту байкуштай ар кыл образды өзүнчө жарата алган актёр болгон. Марат актёр Эржан Осмоновду чогуу ээрчитип, көп нерселерди үйрөтүп кетти. Жаштарга дагы да үйрөтө бермек. Анан "Коркут ата" спектаклинен кийин Кайрат Иманалиев экөө көп иштешти. Кийин "Керезде" (Боромбай) да кызматташуу уланды. Өлөр күнү да экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушуптур. Каза болгонун укканда Кайрат Олжобаевич "эки саат мурда эле сүйлөшүп отуруп кетпеди беле" деп каңырыгы түтөдү.

— Өмүрүндө байлык, сыйлык, мансапка кызыктыбы?

— Сыйлык менен байлыкка эч убакта кызыккан жок. Акыркы жолу "эл артистине документтериңди жиберели" дегенде да болбой койгон. Өмүрүндө байлык да топтогон жок. "Жараткан образдарым — байлыгым" деп койчу. Театрды жакшы деңгээлге чыгарып алсам, республикадагы театрлардын баарын кыдырып, спектакль коюп эркин иштейм дечү. Анткени чакыруулар көп эле. Ал өмүр бою көркөм жетекчи болуп театрда отуруп алууну да каалаган эмес.

100
Белгилер:
Марат Козукеев, театр, режиссер, үй-бүлө, талант, Айсалкын Кыйыкбаева
Тема боюнча
Коргол акындын небереси Турсун Досуева: атабыздын Акбакайга жетпей калган себеби бар