Жапаров: кээде "кап" деп, жарыштан четтеген талапкерлерге ичим ооруп калат

© Фото / пресс-служба президента КРКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мыйзамдуу чечимдерди кабыл алып жатышканын белгиледи.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жарыштан четтеген талапкерлер элдин таразасына түшүп, өз салмагын билсе болмок. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылып, комиссия мыйзамдуу чечимдерди кабыл алып жатканын белгиледи.
"Менин дагы кээде "кап, ушул талапкерди бекер алып койду, элдин таразасына түшүп чыкса болот эле" деп ичим ооруп калып жатат. "Балким өтпөй, өзүнүн салмагын билмек, аттиң ай" деген маселе болууда. Бирок сиздер мыйзамдуу чечимдерди чыгарып жатасыздар. Биз дагы ар бир талаш-тартыш маселени көңүл сыртында калтырбай карап жатабыз. Кандай гана маселе болбосун, баары мыйзамдуу болушу керек", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, мамлекет башчы "БШКнын жана аймактардагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бийлик тарабынан басым болгон жокпу?" деп сурады. Шайлдабекова мындай фактылар катталбаганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0