Беш депутат келди. Парламенттин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзмөк.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды.
Бүгүн эртең менен саат 14:00дө депутаттардын кезексиз жыйыны өтөрү кабарланган. Күн тартибине парламентарийлер Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигинен ажыратуу маселеси киргизилген.
УКМК менен милиция өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
УКМК: депутаттар менен экс-чиновниктердин тобу бийликти басып алмак болгон. Сүрөт
Аталган убакытта депутаттар чогулган жок. Мындан улам төраганын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева 15 мүнөт күтүп, регламентке таянып 15 мүнөттүк танапис жарыялады. Андан кийин да эл өкүлдөрү келбей, бешөө гана каттоодон өттү.
Буга байланыштуу Касымалиева жыйын өткөн жок эсептеп, жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунуштамасын жөнөткөн.
Бүгүнкү кезексиз жыйында эл өкүлдөрү аталган сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0