Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы эртең менен жубайы менен шайлоо участкасына келип, добуш берген. Ал Ашхабадга Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн кетти.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.
"Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле Түркмөнстандын уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Делегациянын курамы:
  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, өлкөнүн Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков.
Президент бүгүн эле кечинде Бишкекке келери кошумчаланды.
Өлкө башчы эртең менен жубайы Айгүл Жапарова менен шайлоо участкасына келип, добуш берген. Президенттин үй-бүлөсү жашаган аймак Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участогуна карайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0