Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Былтыр 4-октябрда өткөн жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого салыштырмалуу мында добуш берүүгө келгендердин саны 17 пайызга аз.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Мыйзамдан №2 форма менен добуш берүүнү алып салуу шайлоого катышкандардын саны азайышынын негизги себеби болду. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. Салыштыруу үчүн алсак, ушул эле убакытта 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 33,13 пайызы өз тандоосун жасаган. Ал эми былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо 45,26 пайызга жеткен болчу.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп кетишине эмне себеп болгонун сурады.
"Мурунку шайлоодо №2 форма ыкмасы менен 500 миңдей жаран добуш берген. Муну менен аталган шайлоочулар массалык түрдө ташылып келгенин айтсак болот. Учурда мындай ыкмага чек коюлган. Ошондуктан бир себеби №2 форма деп айтат элем. Ошондой эле бул көрсөткүч элди шайлоо участкасына массалык түрдө ташууга, админресурс колдонууга жол берилбегенин билдирет. Балким, эл кайра-кайра өткөн шайлоодон тажашы мүмкүн. Бирок мен жарандарыбыздын кыймыл-аракети жана каалоосуна комментарий берүүдөн алысмын", — деди Шайназаров.
Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0