Лейлек шайлоо округунан алдыда келе жаткан талапкер. Алдын ала жыйынтык

© SputnikЛейлек шайлоо округу
Лейлек шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала чыгарган жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санайт. Жогорку Кеңешке шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Баткен облусундагы №1 Лейлек шайлоо округунан добуштардын 53.03 пайызы эсептелгенден кийин Чыңгыз Ажибаев 4 015 добуш (25.42 пайыз) алып, азырынча алдыда келе жатат. Аталган округдан бардыгы тогуз талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 90 075. Бул округга Сүлүктү шаары толугу менен кошулат. Лейлек районунун Исфана шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санайт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0