Жогорку Кеңешке өткөн 10 партиянын тизмеси. Алдын ала жыйынтык

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУчастники мероприятия
Участники мероприятия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Парламенттик жарышка быйыл 21 партия катышты. Партиялык тизме боюнча талапкерлердин жалпы саны 1004ү түздү. Бирок депутаттык кресло 54үнө гана берилет. Калган 36сы бир мандаттуу округ менен келет.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалыматка караганда, парламентке 10 партия өттү.
Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат. Учурда добуштардын 65,20 пайызы саналып бүттү. 
Болжолдуу жыйынтык боюнча тизме:
  • "Ата-Журт Кыргызстан" (29,68%);
  • "Ишеним" (24,47%);
  • "Ынтымак" (20,32%);
  • "Альянс" (14,61%);
  • "Бүтүн Кыргызстан" (11,12%);
  • "Ыйман нуру" (10,07%)
  • "Эл үмүтү" (8,41%);
  • "Азаттык" (7,40%);
  • "Ата Мекен" (6,12%);
  • "Социал-демократтар" (5,78%).
Sputnik агенттигинин журналисттери депутаттык мандаттар партияларга кандай бөлүштүрүлөрүн алдын ала эсептеп көрдү. Бирок добуштардын суммасы 140 пайыз болуп кетти. Мындай болушу мүмкүн эмес. Себеби добуштардын бардыгын кошкондо 100 пайызды түзүшү керек. БШКнын сайтында мүчүлүштүк болуп жатышы ыктымал.
БШК азырынча комментарий бере элек. 
Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы схема менен өтүүдө. 54 талапкер тизме менен шайланат, 36 талапкер бир мандаттуу округ менен келет. Жалпы 21 партия ат салышты.
Өлкө боюнча шайлоого катышкан жарандардын 5 пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга парламенттин эшиги ачылат. Канчалык көп добуш алса, ошончо мандатка ээ болот, бирок бир эле партияга 27ден көп мандат берилбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0