Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме

Депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
АСУнун (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала маалыматы боюнча, Жогорку Кеңешке өткөн 54 талапкердин ичинен 18и аял.
БИШКЕК, 29-ноя.— Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Бул ирет шайлоо жаңы тартипте өтүп, 54 талапкер партия тизмеси менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдан шайланды.
АСУнун (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала маалыматы боюнча, партиялык тизме менен өткөн талапкерлердин ичинен 18и аял. Ал эми бир мандаттуу округ боюнча бир дагы аял жок.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен шайлоодон өткөндөрдүн арасында 5 аял бар. Алар:

  • Жылдыз Садырбаева;
  • Жамиля Садырбаева;
  • Надира Нарматова;
  • Камила Талиева;
  • Гүлшаркан Култаева.

"Ишеним" партиясынан 4 аял бар. Алар:

  • Жылдыз Таалайбек кызы;
  • Миргүл Темирбаева;
  • Айсара Абдибаева;
  • Чолпон Султанбекова.

"Ынтымак" партиясынан 3 аял бар. Алар:

  • Шарапаткан Мажитова;
  • Аида Исатбек кызы;
  • Лейла Лурова.

"Альянс" партиясынан 2 аял бар. Алар:

  • Гүлкан Молдобекова;
  • Нилуфар Алимжанова;

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан 2 аял бар. Алар:

  • Орозайым Нарматова;
  • Гуля Кожокулова.

"Ыйман нуру" партиясынан 2 аял бар. Алар:

  • Динара Ашимова;
  • Винера Раимбачаева.
Жаңылыктар түрмөгү
0