Садыр Жапаров добушун эмнеге Равшан Жээнбековго бергенин түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берип жаткан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берип жаткан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармакта добуш берүү тилкесинде Жапаров Жээнбековдун аты-жөнүнүн тушун белгилеген сүрөт тараган.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кечээ Жогорку Кеңештин шайлоосунда эмнеге Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтып берди.
Буга чейин социалдык тармакта добуш берүү тилкесинде Жапаров Жээнбековдун аты-жөнүнүн тушун белгилеген сүрөт тараган.
"Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система, анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек", — деди президент.
Ошондой эле эле ал бул чечимин саясатташтырбоону суранган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Кол менен санагыла! Жапаров "добуштар уурдалды" деген партияларга кайрылды
"Камакта жаткан адамдар күнөөсү барбы же жокпу, анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем", — деген өлкө башчы.
Президент постунун аягына жылмайган быйтыкча койгон.
Өлкө башчы Бишкектин Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасына жубайы Айгүл Жапарова менен келип добуш берген.
Равшан Жээнбеков 2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча иштин фигуранттарынын бири. Азыр ал № 1 тергөө абагында кармалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0