Жапаров коргоо министринин биринчи орун басарын алмаштырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Президент министрликтин жетекчисин Конституциясынын 70-беренесинин 8-пунктунун негизинде алмаштырган.
БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Таалайбек Усубалиев коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы президент Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 8-пунктунун негизинде документке кол койгонун билдирди.
Ал эми дагы бир тескеме менен президент коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеевди ээлеген кызматынан бошоткон.
Жаңылыктар түрмөгү
0