УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участкасында аял добуш берип жатат. Архив
Шайлоо участкасында аял добуш берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
БШК сайтындагы добуштардын туура эмес чыгып кеткени Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында текшерилип жатат.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтардын автоматтык саноочу урналардан (АСУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Аталган комитеттен БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында ЖК депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында текшерилип жаткандыгын кабарлады.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Ал маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана анын автоматтык түрдө санаган урналардан (АСУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок", — деп айтылган билдирүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди саноо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Бюллетендер качан кол менен саналып бүтөт? БШКнын жообу
Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча такталган расмий маалымат тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.
Ал эми Жапаров кечээ, 30-ноябрда, социалдык тармактагы баракчасына бул боюнча пост жазып, ишти УКМК текшерип жаткандыгын, жыйынтыгын билдирерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0