Кадр кызматынын директорунун орун басарлары иштен кетти

© AFP / SIPHIWE SIBEKOМамлекеттик кызматкер. Архив
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинскийди иштен бошотуу боюнча буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Эки орун басар тең "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (өз каалоосу менен) иштен кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0