УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Ахматбек Келдибеков. Архив
Экс-депутат Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Атайын кызмат Келдибеков менен болгон баарлашуунун видеосун жарыялады. Бул киши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалары белгиленди.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ахматбек Келдибеков УКМКдагы түшүндүрүү иштеринен кийин Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине ынанды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирип, видеосун жарыялады.
Буга чейин интернет айдыңына видео тараган. Анда Келдибеков Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бурмаланганын айткан. Мындан улам УКМК Келдибековду кечээ күнү суракка чакырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Кылмыш ишинин алкагында Келдибеков, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын башкармалыгынын жетекчиси Акимбаев окуянын чоо-жайын талкуулоо үчүн суракка чакырылганы айтылды. Түшүндүрүү иштеринен кийин Келдибеков төмөнкүлөрдү билдирген.
"Суракка кирип чыктым, биз маселени эки сааттай талкууладык. Формула түзүлүп жатканда эмне себептен кээ бир добуштар экиден саналып кеткенин ачыктадык. Бул БШКнын адистери кетирген ката экени далилденди. Айрым тилкелердеги бюллетендерди кол менен санап чыгууга макул болдук", — деди Келдибеков.
Ал эми атайын кызмат компетенттүү кызматкерлер саясатчыга далилдерди келтирип бергенин айтты.
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты. Кол менен саноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
"БШКнын компетенттүү кызматкерлери келтирген төгүндөлгүс далилдердин жана жүйөлүү аргументтердин натыйжасында, Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине ынанды", — деди УКМКдан.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалат.
Жаңылыктар түрмөгү
0