Путин менен Байден жакында жолукканда эмнени сүйлөшөрүн Ак үй ачыктады

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүАКШ менен Россиянын президенттери Жозеф Байден жана Владимир Путин. Архив
АКШ менен Россиянын президенттери Жозеф Байден жана Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Жазылуу
Ак үйдөн президенттер Путин менен Байден корголгон линияда видео аркылуу байланышып, бир нече маселелерди талкуулай турганын айтышкан.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Эки күндөн кийин, тагыраагы, 7-декабрда АКШ менен Россиянын президенттери Жозеф Байден жана Владимир Путин сүйлөшүп, анда Америка лидери Москванын Украина менен чектешкен аймагындагы "аскердик активдүүлүгүнө" түйшөлгөндүгүн билдирерин Ак үй кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президент Жозеф Байден Россия лидери Владимир Путинге 7-декабрда кооптуулугу корголгон линияда видео аркылуу чалып, байланышат", — деп айтылган Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псакинин тараткан маалыматында.
Буга чейин эки президенттин сүйлөшө турган күнү качан болорун Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков да тастыктаган.
Псакинин айтымына караганда, эки лидер "Америка-Россия мамилелерин талкуулашат, анын ичинде стратегиялык туруктуулук, кибер тармак жана аймактык суроолору бар", — деген ал.
"Президент Байден Украина менен чек арадагы россиялык аскердик активдүүлүккө түйшөлгөндүгүн билдирип, Кошмо Штаттардын Украинанын эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүүлүгүн колдой тургандыктарын бекемдейт", — деп кошумчалаган ал.
Аскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
Соңку мезгилде батыш ЖМКларында Россия Украинага кирип барып, басып алууга тап коюп турат деген маалыматтар арбып кеткен. Киевден алгач Россиянын чек арасына жакын жерде аскерлерин көбөйтүп жатканы байкалбагандыгын билдирип, бирок кийин алар да "боло турган кол салуу" туурасында айта башташкан.
Москва мындай күнөөлөөлөрдү бир нече ирет четке кагып, бул НАТОнун күчтөрү менен аскердик техникаларын Россиянын чек арасына көбүрөөк алып келүүнүн шылтоосу экендигин айткан.
Кремлден Россиянын оюнда агрессиялык эч кандай пландары жоктугун, эч кимди басып алууга камынбагандыгын билдирген. Ал эми өзүнүн аймагындагы аскерлерин ары-бери жылдырганы сырттагы эч кимди толкундантпашы керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0