Мал кармайт, үйү да, автоунаасы да жок. Талант Мамытовдун декларациясы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Спикер мал жандыктан сырткары эч бир мүлккө ээ эмес, ал турак жайы жана автоунаасы дагы жок экенин жазган.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бир жылда 703 355 сом иштеп тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлдү.
Ошол эле учурда Мамытовдун чыгашасы 550 миң сомду түзгөн. Анын 700 миң сомго бааланган жылкысы, 550 миң сомдук бодо малы, 400 миң сомдук койлору бар. Мындан сырткары, эч бир мүлккө ээ эмес, турак жайы жана автоунаасы дагы жок экенин жазган.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме
Жакын туугандарынын да киреше-чыгашасы, мал-мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин төрагасы болуп иштеп келе жатат. Быйыл парламенттик шайлоонун алдында спикерлик кызматтан убактылуу четтетилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0