Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар

© пресс-служба ЖКДепутат Асылбек Жээнбеков. Архив
Депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Жээнбековдун турак жайынын аянты 1,5 миң чарчы метр, ал эми Зулпукаров 5 миллион сомдук автоунаага ээлик кылат.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын киреше-чыгашасы тууралуу тапшырган былтыркы декларациясын жарыялады. Анын ичинде Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы бар.
Аталган эл өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга барган деген шек менен кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында.

Асылбек Жээнбеков

Экс-президенттин бир тууган иниси жана ЖКнын мурдагы төрагасы өткөн жылы 2 миллион 119,7 миң сом иштеп тапкан.
Ал төмөнкүдөй мал-мүлккө ээлик кылат:
  • Аянты 1,5 миң чарчы метрлик турак жай;
  • Аянты 3,5 чарчы метрди түзгөн толук бүтө элек курулуш объектиси;
  • Аянты 9,7 миң чарчы метрлик жогоруда белгиленгенден башка конструкция;
  • Ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген төрт чарба субъектиси: "Алтын-Көл" акционердик коому, Айдарова Г.К. жеке ишкердиги, "Бий-Мырза" деп аталган эки ЖЧК;
  • Жылкылары 1,25 миллион сомго бааланат;
  • Бодо малы — 1,1 миллион сом;
  • Майда жандыктары (кой, эчки) — 750 миң сом;
  • Акциясы — 210 миң сом;
  • Эмерек — 410 миң сом;
  • Тиричилик техникасы — 135 миң сом;
  • Сүрөт, аудио жана видеотехника — 170 миң сом;
  • Жогоруда белгиленгенден башка кыймылдуу мүлкү — 295 миң сом.
Асылбек Жээнбековдун жакын туугандары 2020-жылы 550 миң сом иштеп тапкан. Турак жай, айыл чарба багытындагы эмес жер тилке, башка конструкциялары бар экени жазылган, бирок аянты "0" деп турат. Ошондой эле аларга таандык Toyota Land Cruiser унаасы, 480 миң сомдук баалуу металлдар, 180 миң сомдук эмерек, 110 миң сомдук фото, аудио-видеотехника жана башка кыймылдуу мүлкү 120 миң сомго бааланган.

Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын вице-спикери, учурдагы депутат былтыр 1,5 миллион сомдон ашыгыраак киреше чогулткан. Анын турак жайынын аянты 489,6 чарчы метрди түзөт. Үй алдындагы бакчасы жарым гектар, автоунаасы 5 миллион сом. Ал эми жакын туугандарынын автоунаасы 3,1 миллион сомго бааланат.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме
Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө коррупцияга барган деген айып тагылып, бир нече учурдагы жана мурдагы чиновник, депутаттар кармалган. Кээ бирлери тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн сот тарабынан жүз миңдеген айып пул салынып абактан бошотулган. Ал эми экс-премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариевдин баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо шарты менен өзгөртүлдү. Жакында эле Жээнбеков менен Зулпукаровдун жана башка саясатчылардын абактагы мөөнөтү 30-январга чейин узартылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0