(1:35 / 9.65Mb / )

Жеңилдиктер жана укук: эксперттер КР мигранттарынын ЕАЭБдеги абалын талкуулашты

142
28-октябрда Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда маалымат жыйын болуп, ал Астана жана Москва студияларынан видео көпүрө менен коштолду.

Бишкек студиясынан "Замандаш" ассоциациясынын, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү катышты. Астанадан Казакстандын миграциялык полиция кызматынын жана "Кыргызстан — Астана" этномаданият бирикмесинин өкүлдөрү болушту. Ал эми Москвадагы студиядан диаспора менен КРдин Москвадагы элчилигинен өкүлдөр келишти.

Россия полициясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддер, мигранттарга көрсөтүлгөн укуктук жардам талкууланды. Андан сырткары, "кара тизме" көйгөйү да каралды.

142
Белгилер:
миграция, кара тизме, Россия, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эмгек мигранттардын акча которуусу 140 млн. долларга өстү
Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү автоунаалар

Февралда Бишкекте шаардык транспортту толук көзөмөлдөөчү департамент түзүлөт

154
(жаңыланган 15:12 15.01.2021)
Жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барары, "Коопсуз шаар" долбоорун координациялай турганы айтылды.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясында февраль айынын аягында Шаардык транспорт жана жол инфраструктурасы департаменти түзүлөт. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу орун басары Улан Бейшенбаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда айтты.

Координатор по вопросам транспорта мэрии Бишкека Улан Бейшенбаев на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу орун басары Улан Бейшенбаев
"Иш жүрүп жатат. Жумушчу топ департаментти түзүү боюнча укуктук актыларды дайындоодо. Менимче, февраль айынын аягына чейин ал ишин баштайт", — деди ал.

Буга чейин Бишкек мэриясынан Шаар транспорту боюнча департамент түзүлгөнү жатканын айтышкан. Ал такси кызматын дагы көзөмөлгө алмакчы. Ошондой эле жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барарын, "Коопсуз шаар" долбоорун координациялай турганы белгиленген.

154
Белгилер:
департамент, Бишкек мэриясы, коомдук транспорт, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат
Бишкек мэриясы "таксисттер армиясын" кантип көзөмөлгө аларын айтып берди
Бишкекте жолдо бараткан маршрутка. Архивдик сүрөт

Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат

264
(жаңыланган 14:23 15.01.2021)
Буга чейин айдоочулар күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын жогорулатууну суранышкан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо Бишкек мэрия ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрылат. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди. 

Координатор по вопросам транспорта мэрии Бишкека Улан Бейшенбаев на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйынга катышты.

Буга чейин Бишкектеги маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.

"Мэрия коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү маселесин караган жок. Эгер айдоочулар иш таштай турган болушса, биз Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылып, айдоочулардын лицензиясын алуу маселесин карайбыз", — деди Бейшенбаев.

Буга чейин мэриянын маалымат кызматы Бишкекте маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлаган. Айдоочулар күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын жогорулатууну суранышкан.

264
Белгилер:
жол кире, айдоочу, маршрутка, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат
Мэрия: шаардын түштүгүнө парк, Көк-Жар конушуна мектеп курулат
Ырчы Самара Каримова. Архив

Самара Каримова кызматынан кол жуушу мүмкүн. Маданият министрлиги сотко даттанды

0
(жаңыланган 14:31 19.01.2021)
Министрлик ырчы кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арызын эки жылдан кийин жазып, сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенин белгилейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.

"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:

Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;

КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;

Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.

Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин бузуп кирген.

Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.

Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.

0
Белгилер:
кайрылуу, сот, Маданият министрлиги, жетекчи, Самара Каримова
Тема боюнча
Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти" наамын сактап калды
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү