Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Маалымат борбору: "Сасык тумоого кабылуунун учурдагы абалы"

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-ноябрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Сасык тумоого кабылуунун учурдагы абалы" аттуу темада маалымат жыйын өткөрүлөт.

Акыркы күндөрү Тез жардам станциясына кайрылгандардын саны арбып барат. Айрыкча сасык тумоого кабылгандардын саны бир нече эсеге өскөн. Алардын көбү балдар. 

27-ноябрда бир сутка ичинде 103 номерине 1029 чалуу келип түшкөн. Ал эми Тез жардам кызматында болгону 38 бригада бар. 

Маалымат жыйында сасык тумоонун жайылышы боюнча кырдаал талкууга алынып, оорудан арылуу жолдору каралат. 

Катышуучулар: 

  • Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ооруларды алдын алуу департаментинин Бишкек шаары боюнча директору — Артур Ишханович Буюклянов; 
  • Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын башкы дарыгери — Искендер Шаяхметов;
  • №3 Балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери — Өмүрбеков Талантбек Ороскулович; 
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери — Аалиев Гүлжигит Кенжекараевич;
  • Бишкек шаардык мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы — Алмамбетова Гуля Идиновна. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтө турган маалымат жыйынга чакырабыз. Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет) 

Төмөнкү телефондор аркылуу аккредитациядан өтүүгө болот: +996 312 98-69-38, +996 312 98-69-44. 

Сунуш пикирлериңиз болсо n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0