Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын борборунун макети. Архив
Бишкек шаарынын борборунун макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 15-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкектин борбору кандай өзгөрөт — борбор калаанын деталдуу планы жөнүндө" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 15-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы коомдук талкууга коюлат.

Катышуучулар шаардын борбордук бөлүгү кандай өзгөрөрүн айтып берип, транспорт схемасынын келечеги, социалдык-маданий жана коммуналдык-турак жай объектилеринин жайгашуу планын талкуулашат.

Ошондой эле деталдуу пландоо жөнүндө жана Бишкекте мыйзамсыз курулган курулуштарды түрттүрүү боюнча айтып беришет.

Катышуучулар:

КОКОЕВ Рыспек Саипович — Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы шаарларды долбоорлоо боюнча мамлекеттик институтунун №1 чеберканасынын жетекчиси;

КУЛБАТЫРОВ Жанузак Бейшенович — Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы долбоорлоо институтунун Бишкектин башкы планынын башкы архитектору;

КАНГЕЛДИЕВА Замира Абдыкалыевна — "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси;

УСУБАЛИЕВ Эрмек Саргакович — Бишкек шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери;

СЫДЫКОВ Эмил Мурзабекович — Бишкек шаардык кеңештин төрага орун басары;

КАДРАЛИЕВ Асылбек Мэлсович — Бишкек шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциянын лидери;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0