Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Эл көп чогулган жерде өзгөчө кырдаал жаралса балдарды кантип коргоо керек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПожар в центре Москвы
Пожар в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 28-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттинини мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди ӨКМ адистеринин Бишкектин мугалимдери менен жолугуусуна чакырабыз. Адистер эл көп чогулган жердеги коопсуздук маселелери тууралуу айтып беришет.

Иш-чара 28-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттинини мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Белгилей кетсек, 25-мартта Россиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда ири өрт чыгып, акыркы маалыматтар боюнча 64 киши каза болгон. Айрым ЖМКлардын жазышынча каза болгондордун 41и балдар. Алдын ала маалымат боюнча имаратта коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан сыртка чыга албай калганы айтылууда.

Маалымат жыйынга шаардын төрт районундагы мектептерде иштеген 25 мугалим, мэриянын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышат. ӨКМдин адистери соода борборунда, базарда, эл көп чогулган жерде өзгөчө кырдаал жаралса балдарды кантип алып жүрүү керектигин айтып берет.

Катышуучулар:

БЕКЖАНОВ Миңболот Кабылович — ӨКМдин жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жетекчи орун басары, полковник;

МАМБЕТОВ Мадимар Таалайбекович — ӨКМдин адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кафедра башчысынын орун басары.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0