Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Насыя жана той — жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Иш-чара 5-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сизди "Насыя жана той — жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 5-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстанда бир топ жарандар жек-жаатына уят болуп калбайын деп насыя алып той берип жүргөнү баарына эле белгилүү. Мындай той бергендердин көбү алган насыясын жабыш үчүн чет жакка иштеп келүүгө аргасыз.

Ал ортодо Жогорку Кеңеште тойго чакырыла тургандардын санын, кете турчу каражатты чектей турчу мыйзам долбоору кабыл алынбай калган.

Катышуучулар ушундай көрүнүштөрдү мыйзам менен чектөө керекпи же жокпу деген маселенин үстүндө ой калчашат.

Катышуучулар:

КУДАЙБЕРГЕНОВ Борончу Молдокматович — куудул, тамада;

РЫСКУЛБЕКОВ Эркин Ташымкулович — алып баруучу;

ШАКИР Олжобай — журналист;

ОРМОН уулу Искендер — "Кереге" фондунун кызматкери, аналитик;

КАЗАКОВ Түгөлбай Токтогулович — мурдагы маданият министри;

СЕЙДАКМАТОВА Жамал Сейдакматовна — КР эл артисти;

ТОКТОШЕВ Эмил Токтакунович — ЖК депутаты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0