Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон балдар көбөйүүдө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдиктерид ичип жаткан адамдар. Архив
Алкоголдук ичимдиктерид ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон балдар көбөйүүдө

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "КРде ичимдикке берилген аялдар менен баңгизатын колдонгон өспүрүмдөр көбөйүүдө" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 11-апрелде саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Медиктердин маалыматына караганда, Бишкек менен аймактарда ичимдикке берилген аялдардын катары калыңдап барат. Буга көпчүлүк дарылоо жайларында орундардын жетишсиздиги мисал.

Дарыгерлер башка маселеге да тынчсызданууда. Тагыраагы, клей, бензин, ацетон жыттаган балдар көбөйүүдө.

Маалымат жыйындын катышуучулары аялдардын ичимдикке берилүүсү жана өспүрүмдөр арасындагы баңгилик боюнча маалымат беришет. Ошондой эле алар профилактика жана кырдаалды көзөмөлгө алуу маселесин көтөрүшөт.

Катышуучулар:

АЛЫМКУЛОВА Ирина Юрьевна — Республикалык наркология борборунун медициналык-психологиялык жардам жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси;

ИСАКОВ Мелис Аспекович — Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы медициналык-психологиялык жардам жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчисинин орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0