Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Жардам керек. Органдарды алмаштырууда КР коңшулардан артта калды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгер операция учурунда. Архив
Дарыгер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 13-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Сиздерди "Жардам керек. Органдарды алмаштырууда Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринен артта калды" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 13-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Казакстанда органдарды трансплантациялоого колдоо көрсөтүлөт. Кыска убакыттын ичинде коңшу мамлекет бул жаатта бир топ алдыга кетти. Казак президенти Нурсултан Назарбаев бул тармакты жеке көзөмөлүнө алган. Тажикстан менен Өзбекстанда дагы трансплантологияга колдоо көрсөтүлүп келет.

Ал эми Кыргызстанда абал начар. Кыргызстандыктар орган алмаштыруу операциясын чет жакка барып жасатууга аргасыз. Дарыгерлердин эсеби боюнча трансплантологияны жолго коюу үчүн мамлекет жылына жок дегенде 200 миллион сомдон бөлүп турушу кажет.

Андан сырткары, мыйзамдагы башаламандыктан улам мамлекет трансплантация үчүн техниканы түз өндүрүүчүлөрдөн эмес, алып сатарлардан алууга мажбур.

Катышуучулар Кыргызстанда трансплантологиянын негизги көйгөйлөрү тууралуу айтып берет. Ошондой эле абалдан кантип чыгуунун жолдорун сунуштап, органдарды алмаштыруу боюнча жаңы борбордун ачылышы жөнүндө маалымат беришет.

Катышуучулар:

АШИМОВ Жамал Исабекович — жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун башчысы;

АШИРАЛИЕВА Дамира Өмүрзаковна — КР Санэпидкөзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин молекулярдык-генетикалык жана дартты аныктоо лабораториясынын башчысы;

ҮСӨНБАЕВ Болот Исмаилович — Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун урология бөлүмүнүн башчысы;

БЕЙШЕБАЕВА Назира Адылбековна — Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун нефрология бөлүмүнүн башчысы.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0