Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Интернеттин баасынын арзандашы боюнча маалымат жыйын башка күнгө жылдырылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүСерверная
Серверная - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 25-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстанда биринчи жолу интернеттин баасы 3,5 эсе арзандайт жана өзүнүн маалыматтык коопсуздугун сактайт" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 25-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Интернеттин баасы 3,5 эсеге арзандайт. "Кыргызтелеком" пайдалуу келишим түзө алды. Анын арты менен өлкө өзүнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздай алат.

Катышуучулар сүйлөшүү тууралуу кенен айтып беришет. Ошондой эле өлкө жаңы тарифтер менен канча акча үнөмдөй аларын, бюджетке канча каражат түшөрүн, маалыматтын коопсуздугу боюнча келишим жөнүндө жана Кыргызстанда интернет-индустрияны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу да кеп болот. Андан сырткары, эми интернетти кимден аларыбыз жана 1 мегабайттын баасы канча болору тууралуу да маалымат берилет.

Катышуучулар:

Марат Каратаевич КАРАТАЕВ — "Кыргызтелеком" ААК башкаруучулугунун төрагасы;

Мирлан Айткулиевич КАРАБУКАЕВ — компаниянын коммерциялык директору;

Султан Азатбекович ДООЛОТОВ — директорлор кеңешинин мүчөсү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0