Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Бардыгыбыз үчүн бир жеңиш" аттуу маалымат жыйын

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүАвтопробег "Победа - одна на всех" в Волгограде
Автопробег Победа - одна на всех в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 26-апрелде саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бардыгыбыз үчүн бир жеңиш" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Иш-чара 26-апрелде саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстанга Ханты-Мансийск аймагынан сейрек кездешкен ГАЗ-20 ("Победа") үлгүсүндөгү автоунаа менен медиаэкспедиция келе жатат.

Автожүрүштүн катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ардагерлер кеңешинин төрагасы, жоокерлердин апаралынын комитетинин мүчөлөрү жана окуучулар менен менен жолугат.

Катышуучулар:

Медиаэкспедициянын өкүлдөрү;

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;

Бакытбек Жумашович БАКЧИЕВ — М. В. Фрунзенин үй-музейинин директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0