Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Космосту кантип багындырууга болот — космонавтар менен окуучулардын жолугушусу

© Фото / Роскосмос / Медиабанкка өтүүКосмонавт. Архив
Космонавт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 10-майда саат 13:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер! 

Сиздерди Кыргыз республикасынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен окуучулардын жолугушуусуна чакырабыз.

Иш-чара 10-майда саат 13:00дө SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Салижан Шарипов окуучулар менен космос, бул кесиптин оор түйшүгү жана келечекте космонавт болуу үчүн кайда тапшыруу керектигин айтып берет.

Катышуучу:

Салижан ШАРИПОВ — космонавт, КР баатыры.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0