Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек стол

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТамак аш. Архив
Тамак аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 31-май күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда саат 11.00дө өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан жыл сайын туура эмес тамактануунун айынан 5,5 миллион сом жоготот" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөттүк программа даярдалып жатат. Анда туура тамактануудан тарта, мамлекетти материалдык резерв менен камсыздоо маселесине чейин камтылган.

Адистердин баамына караганда, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу курч маселе бойдон калууда. Жарандар туура эмес тамактангандыктан Кыргызстан жыл сайын 30 миллион доллар жоготот. Мындай рацион ден соолукка терс таасирин тийгизип, социалдык секторго бир топ күч келтирет. Мындан сырткары, жарандардын айрым бөлүгү акча жоктугунан толук азыктана алышпайт.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизген жагдайлар жана чек арадагы көйгөйлөр.

Бул маселелерди чечүү жолдорун тегерек столдун катышуучулары талкулашат.

Катышуучулар:

Шамшиев Насирдин Шамшиевич — КР Экономика министрлигинин макроэкономика саясаты башкармалыгынын жетекчиси;

Мамырбаева Турсун Турганбаева — Тамактануу боюнча адис;

Кожобергенова Гүлмира Аскарбековна — Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактанууну жакшыртуу боюнча жарандык альянстын аткаруу комитетинин төрагасы;

Ускенбаева Гүлнара Тураровна — Кыргызстандын ташып жеткирүү (өнүрүүчүлөргө жана дистрибьюторго) ассоциациясынын президенти;

Кабылова Элмира Төрөбековна — КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы эне жана баланы коргоо улуттук борборунун азыктандыруу бөлүмүнүн жетекчиси;

Кулиева Анаргүл Токтобековна — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0