Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Көмөкөй үндүү ырчылар. Алтайлыктардын Бишкектеги концерти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование 150-летнего юбилея Единения теленгитов с Россией
Празднование 150-летнего юбилея Единения теленгитов с Россией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 5-июнда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Урматтуу кесиптештер, силерди алтайлык көмөкөй үндүү аткаруучулардын катышуусундагы маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 5-июнда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

7-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Алтай — бабалардын жери" аттуу концерт өтөт. Ага Алтайдын таланттуу композиторлору, музыканттары, ырчы-бийчилери жана көмөкөй үндүү аткаруучулары катышат.

Алтайлык өнөр адамдары Бишкекте биринчи жолу концерт берип жатканы менен өзгөчөлөнөт.

Бул маданий иш-чара тууралуу уюштуруучулар айтып берип, артисттер журналисттерге алтай элинин музыкалык аспаптарында кол ойнотуп, көмөкөй менен ырдоонун ыкмаларын айтып берет.

Катышуучулар:

ТОКОВА Наталья — Кыргызстандагы "Хан Алтай" коомдук бирикмесинин президенти;

РЫСАЛИЕВ Токтогул — "Арашан" ансамблинин жетекчиси;

МОДОРОВ Шонкор — этно-аткаруучу, композитор, продюсер, айтуучулар курултай эл аралык конкурсунун лауреаты;

ЛИРОВ Равиль — Алтай республикасынын мамлекеттик оркестринин солисти, кекиртек менен ырдоо боюнча россиялык жана эл аралык конкурстардын лауреаты;

САТИН Добрыня — Алтай республикасынын мамлекеттик оркестринин солисти, Алтай республикасынын башчысынын атына уюштурлган сыйлыктык лауреаты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

ЖМКларды каттоо жеринде жүргүзүлөт. Кошумча маалымат үчүн +996 312 98-69-47, +996 312 98 69 44 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз m.elebesov@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0