Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Активисттер Кыргызстанды таштандыдан арылтат

Жазылуу
Иш-чара 5-июнда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан таштандыга көмүлүүдө. Активисттер таштанды чогултууда жардам берүүгө чакырат" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 5-июнда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Жыл сайын 5-июнда Айлана-чөйрөнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Кыргызстанда таштанды маселеси жана аны тазалоо курч бойдон турат. Элдин көбү шаардын четине эс алганы чыгып, таштандыларын таштап кетишет. Өзгөчө жайында бул көрүнүш такай болуп турат.

Буга каршы күрөшүү үчүн активисттер Кыргызстанда үч айлык жарыялашты. Алар келечекте өлкөнү таштандыдан арылтуу боюнча дагы бир кампания өткөрүп, аны Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына арнашат.

Катышуучулар:

ЧЫНЫБАЕВА Айжан — "Эко Деми" коомдук фондусунун негиздөөчүсү;

АНДРЕЕВ Дмитрий — "Жашыл билик" коомдук фондусунун директору;

ВЕТОШКИН Дмитрий — "Инициатива Арча" коомдук фондусунун директору;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

ЖМКларды каттоо жеринде жүргүзүлөт. Кошумча маалымат үчүн +996 312 98-69-47, +996 312 98 69 44 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз m.elebesov@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0