Тоок эти. Архив

Канаттуулардын этин контрабанда менен ташып келүүнүн кесепети боюнча тегерек стол

74
(жаңыланган 18:00 12.07.2018)
Урматтуу кесиптештер, сиздерди "Канаттуулардын контрабанда менен келген эти Кыргызстанда азык-түлүк кооптуулугун жаратат" деп аталган тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 2018-жылдын 13-июлунда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат-борборунда өтөт.

КРдин Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда, өлкөдө бул тармактын жергиликтүү экономикасы банкрот болуунун алдында турат. Жумуртка мыйзамсыз түрдө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана Өзбекстандан арзан жана көп ташып келинип жатканы тууралуу айтылууда. Мунун кесепетинен улам Кыргызстандагы канаттуулар менен алектенген ири фермерлер, ишкерлер сызга отуруп, бизнес жүргүзүүдөн баш тартууда.

2017-жылдын алты айында өлкөгө расмий түрдө бир гана машина жумуртка алып киришкени жазылган. Ассоциация Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылган. Көп өтпөй келе жаткан товарды контрабанда менен чек арадан киргизүү үчүн пара алган мамлекеттик чек ара кызматы менен Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери колго түшүп, кылмыш иши козголгон.

Тегерек столго келгендер бул жааттагы көйгөйдү талкуулап, ал эми ведомство өкүлдөрү аталган багытта өз кесиптештеринин алып барган иши туурасында айтып беришет. Мындан сырткары абалды жакшыртуу боюнча сунуштарын айтат.

Катышуучулар:

МАМЫТБЕКОВ Алмазбек Болотович — Мамлекеттик Бажы кызматынын Тартип коргоо органдары менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси;

АСАНОВ Нурлан Манасбекович — Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыкчам кызматкери;

Өкмөттүн аппаратынын агро өнөр жай комплекси боюнча башкармалыктын өкүлү;

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү;

СУРАБАЛДИЕВА Элвира Жыргалбековна — Жогорку Кеңештин депутаты;

МАМАЕВ Сулайман Шамшиевич — Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү;

ИСРАИЛОВ Эдил Асанович — Мамлекеттик салык кызматынын салыктар боюнча мониторинг жүргүзүп, анализ кылуу бөлүгүнүн жетекчиси;

ИСМАИЛОВА Гүлсара Акимовна — Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлү боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

Канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

74
Белгилер:
маалымат жыйын, чек ара, жумуртка, контрабандалык жүк, коопсуздук, канаттуулар, Кыргызстан
Өрттөнгөн прокуратуранын имараты. Архив

Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп

88
(жаңыланган 15:35 01.12.2020)
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна кээ бир ишкерлер мейманкана, башкалары кеңселер үчүн имарат, дагы башкалары сквер салууга аракет кылган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2022-жылы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен муниципалдык кызматтар жайгаша турган имарат пайда болот. Бул туурасында Бишкектин шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Эске салсак, социалдык тармакта мэриянын Бишкек шаардык кеңеши жана бир катар муниципалдык кызматтар үчүн эки блоктон турган имаратты прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна тургузуу демилгесин сындап жатышат.

Түлөбаевдин айтымына караганда, өрттөнгөн прокуратуранын ордуна кээ бир ишкерлер мейманкана, башкалары кеңселер үчүн имарат, дагы башкалары сквер салууга аракет кылган.

Исполняющий обязанности мэра Бишкека Балбак Тулобаев на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектин шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев
"Ал бурчтагы жер кичинекей болгондуктан сквер жасаганга болбойт. Анан да мэрияга кирип карап көрсөңөр, бир кабинетте жети-сегиз киши отурат. Ушундай кантип болсун. Шаардык кеңеш менен фракциялардын кантип иштеп жаткандыгын көрсөңөр. Биздин кызматтар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан, Жер ресурстары боюнча башкармалык жер төлөдө отурат. Мэриянын артына имарат куралы деп, бирок ал жердеги скверге тийбөөнү чечтик", — деди Түлөбаев.

Ал жаңы имараттын бир бөлүгүнө шаардык кеңеш, ал эми бир жагына муницалдык кызматтар жайгашарын айтты. Ал эми азыр алар отурган кеңселер ижарага берилиши мүмкүн.

"Эки вариант бар — имаратты толугу менен алып салып, жаңысын курабыз же оңдоп чыгабыз. Муну азыр адистер карап жатышат. Эки-үч жылдын ичинде чыгымдалган каражатты кайтарабыз. Түшүнсөңүздөр, биздин кызматкерлер да кадыресе шартта иштеп, шаарга кызмат кылышы керек да. Антпесе майнап жок болууда", — деп жооп берди мэрдин милдетин аткарып жаткан аткаминер.

Ал долбоорлоого каражат бөлүнгөндүгүн жана жакында сынак жарыяланарын айтты. Бир нече айдан кийин жаңы тендер жарыяланып, же курулуш, же оңдоо иштери башталмакчы. Имаратты эң узак дегенде 2022-жылдын жазында бүтүрүшөт.

88
Белгилер:
имарат, Башкы прокуратура, шаардык кеңеш, Балбак Түлөбаев, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев: апрелден кийин мэрлик кызматка барбайм
ТЭЦтин алдындагы үйлөр. Архивдик сүрөт

Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты

439
(жаңыланган 13:31 01.12.2020)
Калаа башчынын милдетин аткаруучу апрель-майга чейин калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей турганын айтып, бирок маанилүү тапшырмаларды бүтүрүп кетерин убадалады.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди. 

Исполняющий обязанности мэра Бишкека Балбак Тулобаев на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев

Түлөбаев апрелге чейин гана иштей турганын айтып, бул аралыкта калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей каларын белгиледи.

"Мен бул кызматта апрель-майга чейин эле отурам. Ага чейин жасап, бүтүрүп кетчү бир топ тапшырмаларым бар. Алардын бири - жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу. Мындан сырткары, автобус көйгөйүн чечип, структуралык өзгөртүүлөрдү жасайм. Жерлерди инвентаризация кылып да жетишишибиз керек. Эң башкы тапшырма — элди кыштан, коронавирустан аман-эсен алып чыгуу", — деди калаа башчынын милдетин аткаруучу.

Түлөбаев Бишкекти ТЭЦ-2 районун көздөй чоюу маселесин карап чыгуу боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тапшырма бергенин айтып, бул тема дагы талкуулана турганын белгиледи.

439
Белгилер:
тапшырма, жер, мэрия, Балбак Түлөбаев
Тема боюнча
Түлөбаев: Бишкекке каналдардын үстүнөн өткөн метро салсамбы деп ойлогом...
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

0
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

0
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү