Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстандын энергетика секторундагы коррупция" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЗамена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока
Замена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 14-августта саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Үстүбүздөгү жыл ичинде энергетика секторундагы коррупциялык жаңжалдар коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул иш боюнча эки экс-премьер менен бир катар аткаминерлер кармалды.

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга чейин жана андан кийин коомчулук өлкөдөгү энергетика системасындагы коррупцияны катуу талкууга ала баштады. Мындан сырткары, авариянын кайталанбашы үчүн профилактикалык иштерди аткаруу маселеси көтөрүлдү.

Профилдик структуралар энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшүүдө кандай иштерди аткарууда? Учурда бул жаатта кандай коррупциялык схемалар өркүндөп жатат? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкуулайт:

КРдин Коргоо кеңешинин өкүлү;

МАМАЗУНУЕВ Казбек Калилович — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери;

ИБРАИМОВ Рамазан Санжарбекович — Башкы прокуратуранын алдындагы Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору;

ТОКТОШЕВ Эмил Токтакунович — Жогорку Кеңештин депутаты;

МАРАТ Зульфия — Орто Азиядагы сууэнергетикалык көйгөйлөрдү изилдөө институтунун өкүлү;

АРГЫНБАЕВ Сапарбек Абдыкалыевич — "Түндүкэлектр" ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, укук коргоочу;

"Улуттук энергетикалык Холдинг" ААКсынын өкүлү;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0