Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Евразиянын дин өкүлдөрү терроризм менен күрөшүү жолдорун талкуулайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Ураза-байрама в России
Празднование Ураза-байрама в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 12-сентябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт. Евразиядагы мамлекеттер, конфессиялар жана коомдук институттар терроризм менен радикализмге каршы туруу үчүн бирикти. Алар элге ислам дининин толеранттуулугун жеткирип, динде бирөөгө кордук көрсөтүү жок экенин жаштарга түшүндүрүүнү көздөшүүдө.

Буга байланыштуу Бишкекте "Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы" аттуу конференция өтмөкчү. Ага Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген дин адамдары катышат.

Алар "Бирдиктүү жибек жолунун" максатын, мамлекеттик органдар менен биргеликте экстремизм жана терроризмге каршы аткарыла турган иштер тууралуу айтып беришет.

Катышуучулар:

ТОКТОМУШЕВ Максат ажы — Кыргызстандын муфтийи;

АББАЯСОВ Рушан Хазрат — Россия мусулмандар дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;

ЧОТАЕВ Закир Жеңишбекович — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0