Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"ЕАЭБ мамлекеттеринде билим берүүнүн жаңы стандарттары" аттуу видеокөпүрө

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосковский государственный гуманитарно-экономический университет
Московский государственный гуманитарно-экономический университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

"ЕАЭБ мамлекеттеринде билим берүүнүн жаңы стандарттары. Кыргызстандыктарды эмне күтөт?" аттуу Бишкек — Минск видеокөпүрөсүнө чакырабыз.

Иш-чара 19-сентябрда саат 13:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Жаңы өнөр-жай революциясы көп тармактарга таасирин берди. Андыктан ага ылайык адистерди даярдоо, билим берүү тармагындагы жаңы багыттар, россиялык жогорку окуу жайлар менен биргеликте онлайн-билим берүүгө басым жасоо эмгек рыногунда кыргызстандыктардын атаандаштыгын арттыра алат.

Жыйынга катышуучулар:

Бишкектен:

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү;

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү;

КОНОКБАЕВА Дамира Кыясовна — Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин колледжинин директору;

ИМАНАЛИЕВА Элмира Санзыбаевна — Мурдагы билим берүү жана илим министри;

ИВАНОВ Сергей Сергеевич — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти;

БЕРДАКОВ Денис Михайлович — саясат таануучу, "Евразийцы — новая волна" фондунун Кыргызстандагы филиалынын директор орун басары;

СТРОКОВА Евгения Григорьевна — Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү.

Минск шаарынан:

ДЗЕРМАНТ Аляксей Валерьевич — саясат таануучу, "СОНАР-2050" долбоорунун эксперти;

ШПАКОВСКИЙ Александр Павлович — "Актуальная концепция" маалымат-агартуучу мекемесинин директору.

Жаңылыктар түрмөгү
0