Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ЖККУнун Бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоровдун брифинги

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүП/к начальника Объединенного штаба Организации договора о коллективной безопасности, генерал-полковника А. Сидорова
П/к начальника Объединенного штаба Организации договора о коллективной безопасности, генерал-полковника А. Сидорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

20-сентябрь күнү саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинде мультимедиалык маалымат жыйын өтөт.

ЖККУнун Бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоровдун брифингине Астана, Бишкек, Ереван жана Минск аянтчалары видео аркылуу байланышат. Анда "Согуш боордоштугу — 2018" аттуу машыгууларды өткөрүүгө башкаруу органдарынын жана ЖККУнун канчалык даяр болуп калганы талкууланат.

1-октябрдан 2-ноябрга чейин Борбор Азиядагы төрт өлкөнүн — Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Тажикстандын аймагында "Согуш боордоштугу — 2018" деген аталыш менен машыгуулар өтөт.

Брифингдин алкагында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик коопсуздугуна коркунуч жараткан негизги көйгөйлөр, алдыга коюлган максаттар менен тапшырмалар жана машыгуулардын этаптары талкууланат. "Согуш боордоштугу — 2018" — ЖККУнун негизги иш-чараларынын бири болуп эсептелет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Урматтуу журналисттер, маалымат жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга талкууланып жаткан теманын алкагында гана суроо берүүнү өтүнөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0